"Эркин-Тоо"

Коронавирустун кош мутацияланган түрү аныкталды

Индияда коронавирустун кош мутацияланган штаммы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Азырынча Индиянын бийлиги илдеттин мутацияланган түрүнүн келип чыгышы жана анын жайылышынын ылдамдыгы тууралуу маалымат чогултуу аракетин көрүүдө . Буга чейин америкалык илимпоздор коронавирустун британ, түштүк африкалык жана бразилиялык штаммдарын февраль айында аныктап чыгып, илдеттин мутацияланган түрлөрү алгачкы штаммдан 8 эсе тез жайыларын айтышкан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, британ штаммы дүйнөнүн 101 өлкөсүндө, түштүк африкалык штамм – 51 өлкөдө, бразилиялык штамм — 29 өлкөдө жайылган. Ал эми Швейцариянын саламаттык сактоо боюнча федералдык кеңешчиси Ален Берсе, аныкталган жаңы штаммдар алгачкы штаммдан 50 пайызга кооптуу экендигин билдирген.

Пример HTML-страницы