Коррупция менен тынымсыз түрдө күрөш жүргүзүлөт

17-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33

Үстүбүздөгү жылдын  23-июнунда Мамлекет башчысы бизнес-коомчулук  өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда ишкерлер тараптан бир катар көйгөйлөр менен бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун сунуштарын угуп, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөөрүн белгилеген болчу.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 8-июлдагы  жарлыгына  ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Аталган кеңештин негизги максаты —  коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жарандык коомдун  өкүлдөрү менен болгон биринчи жыйын өттү. Анда кандай орчундуу маселелер көтөрүлдү?


tor -->
«Коррупция менен күрөшүү үчүн бүтүндөй бир система менен күрөшүү керек»

— Биздин кеңештин негизги максаты — коомчулуктун пикирин, коррупцияга байланышкан  көйгөйлөрдү   бийликке, тактап айтканда Президентке түздөн-түз жеткирүү.  Өлкө башчысы жарандык коомдун колдоосу болбосо өзү жалгыз жемкорлук менен күрөшө албайт. Анткени, коррупция менен күрөшүү үчүн  30 жылдан бери тамырын жайып, дээрлик бардык  маанилүү тармактарды  курчап алган системаны түп тамырынан жок кылышыбыз керек.  Моюнга алышыбыз керек,   жемкорлук адамдардын аң-сезимине,  күнүмдүк жашообузга сиңип калган. Ал денеңди уулаган  жаман дарт сыяктуу  мамлекетибизди өстүрбөй,   кайра артка тартууда. Биз аны дароо эле жок кыла албасак дагы, кол куушуруп отурбастан,  системалык түрдө күрөш жүргүзүшүбүз керек. 

Учурда КРда 24 миңден ашуун бейөкмөт уюм иш алып барат, бирок Кеңештин курамына коррупция боюнча так, конкреттүү сунуштарын билдирген уюмдар  гана мүчө болуп кире алышат.

Коррупция менен күрөшүү — дүйнө жүзүндө актуалдуу маселе. Биз дагы «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», жемкорлукка  каршы бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзгөндө гана аны жеңе алабыз.


tor -->
«Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы  коррупция менен күрөшүүгө басым жасайлы»

— Азыр  дүйнө жүзү күрөшүп жаткан коронавирус илдети КРдагы саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү дагы бир жолу ачыктап, оркойгон кемчиликтерди көрсөттү. Канчалаган адамдар коронавирустан каза болушту. Бул да болсо саламаттыкты  сактоо системасында орун алып келген жемкорлуктун кесепети. Дагы бир орчундуу маселе —  билим берүү тармагындагы коррупция. Ачыгын айтыш керек, учурда балдарыбыздын билим деңгээли төмөндөп кетти. Себеби, бул тармакта коррупция терең тамырлашып байыр алып алган.  Мына ушуларга кылдат көңүл буруп,   маселелерди  анализдеп чыгып,  жемкорлук эмнеден улам келип чыгат, аны чечүүнүн жолдору кандай экенин талдап, Президентке конкреттүү  сунуштарды беришибиз керек».


tor -->
«Айдоочулук күбөлүктөрдү сатуу менен байланышкан коррупция адамдардын өлүмүнө себепкер болууда»

КРде 235  айдоочуларды даярдоочу  автомектептер  бар, алардын 119у былтыр лицензия талаптарына туура келбегендиги үчүн эскертүү алышкан. Ал эми жол кырсыктарына күнөөкөр болгон айдоочуларды сураштырганда, алардын 50-70 пайызы айдоочулук күбөлүктү алгандарына бир жыл гана болгондугун айтышкан. Айдоочулук күбөлүктү сатуу да өзүнчө бир чоң коррупциянын очогу болуп калганын эч ким тана албайт. Көпчүлүк жарандар автомектептерде сапаттуу билим албай, жол эрежелерин толук билбей туруп, айдоочулук күбөлүктү сатып алышып, жыйынтыгында бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепкер болуп жатышат.

Менин сунушум, жеке менчик автомектептердин ишин көзөмөлгө алып, алардын санын кыскартып,  мамлекеттин карамагына өткөрүп, айдоочулук күбөлүктөрдү сатуудагы коррупциялык схемаларды түп орду менен жоготуу зарыл.


tor -->
«Люстрация мыйзамын кабыл алуу  керек» 

Эгемендүүлүктү алгандан бери бийликке баягы эле адамдардын келип жаткандыгы кыжырды бир келтирсе, эми алардын бала-чакасы, урук-туугандары келип жаткандыгы зээнди кейитпей койбойт. Алардын билими барбы, жокпу, элдин көйгөйүн чечеби, жокпу, эч кимди кызыктырбайт. Алардын максаты карапайым адамдардын балдарын бийликке жолотпой,  эптеп дипломду сатып алып, өз балдарын кызматка коюу. Буга болуп өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоолору мисал. Алыс барбай эле Бишкек шаардык кеңештин курамын карасаңар, ал жакта бардыгы эле мурда бийликте отурган адамдардын балдары. Бул бардык тармактардагы эле көрүнүш.


tor -->
«Сот системасындагы коррупцияны жоготуу зарыл»

— Коррупция тамырлашып кеткен тармактардын бири катары сот системасын мисалга алсак болот. Союз убагында сотторго прокурор,  Президиум , Жогорку Соттун  Президиуму көзөмөл кылса, учурда  соттордун ишин караган атайын орган  жок. Президент элге отчёт берсе да, соттор эч кимге отчёт беришпейт. Алар өзүн-өзү билип, өтүгүн  төргө илген заман.  Ошондуктан, бул тармакта   коррупция терең жайылып , адамдардын тагдырын каалагандай калчап көнүшкөн. Андыктан, Президенттин алдындагы Антикоррупциялык Кеңеш бул маселеге өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Альбина Метерова

17-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X