Коррупция тууралуу эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот
Кыргызстанда коррупциялык фактылар тууралуу билдирүү үчүн жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди. Эми жарандар мындай кайрылууларды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алышат.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жаңы сервис мекеменин «Укук» ишканасы жана «Түндүк» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыкты.
Кайрылуу жөнөтүү үчүн жарандар тиркемеден «Коррупция тууралуу билдирүү» кызматын тандап, электрондук форманы толтуруп, зарыл болгон учурда далилдөөчү материалдарды тиркеп жөнөтө алышат.
Кайрылуулар арыз ээсинин тандоосуна жараша Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине тиешелүү тартипте кароо үчүн жөнөтүлөт.
Башкы прокуратура белгилегендей, бул кызмат коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылып, коррупция менен күрөшүүдө санариптик механизмдерди өнүктүрүүгө багытталган.