Коррупцияга каршы күрөш. ИИМдин өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган түшүндүрүү жолугушууларды өткөрүштү.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктары жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган тапшырмалар талкууланды.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ички иштер органдарынын коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана иликтөө багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылган учурлары боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдү сунушташты.
Мындан тышкары, катышуучуларга пара алуу жана пара берүү фактыларына жол бербөө, кызматтык тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун мааниси түшүндүрүлдү.
Жолугушуунун соңунда коррупциялык көрүнүштөр тууралуу билдирүү үчүн ишеним телефондору көрсөтүлгөн маалыматтык буклеттер таратылды.