Коррупцияга каршы күрөш – мыйзамдуулукту камсыздоонун негизги багыты
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдо коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүп келет.
Пара алуу, пара берүү жана пара алууда ортомчулук кылуу – мыйзам тарабынан тыюу салынган коррупциялык кылмыштар болуп саналат. Мындай мыйзамсыз аракеттер мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна доо кетирип, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимине терс таасирин тийгизет жана мыйзам үстөмдүгүнө коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды кандай гана жагдай болбосун мыйзамсыз материалдык сыйлык сунуштабоого, талап кылбоого жана мындай фактыларга ортомчу болбоого чакырат. Коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу – ар бир жарандын жоопкерчилиги.
Коррупциясыз коомду куруу – мамлекет менен коомдун биргелешкен аракетинин жыйынтыгынан келип чыгат.