Коррупцияга каршы күрөш. Жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышы Башкы прокуратурада талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, өз убагында аткарылбай калган иш-чаралардын себептери жана аныкталган кемчиликтер каралды. Аларды жоюу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча практикалык окутуу өткөрүлдү.