Коррупцияга каршы күрөш. ЖОЖдорго жаңы талаптар коюлду
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өлкөнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы маалыматтык саясатты күчөтүүгө багытталган жумушчу кеңешме өттү.
Жыйында 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана ЖОЖдордогу профилактикалык иштерди күчөтүү маселелери талкууланды.
Кеңешмеде 2025-жылдан тартып коррупциянын алдын алуу жана профилактикалык иштерди координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталганы белгиленди.
Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Исмаилбеков иштин жыйынтыгын жөн гана отчет менен чектебей, конкреттүү натыйжага багыттоо зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, студенттерге түшүнүктүү жана жеткиликтүү форматтагы маалыматтарды көбөйтүү маанилүү. Бул багытта коррупцияга каршы социалдык роликтерди даярдоо жана кеңири жайылтуу, студенттер үчүн буклеттерди, методикалык колдонмолорду жана ак ниеттүүлүк маданиятын калыптандырууга багытталган башка маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу сунушталды.
Министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова жогорку окуу жайларда аткаруу тартибин күчөтүп, белгиленген мөөнөттөрдө сапаттуу отчет берүүгө көңүл бурду.
Ал эми министрликтин Укуктук камсыздоо жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн кызматкери Адиль Канатбеков Иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө механизми боюнча маалымат берди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, пландын аткарылышы «ИнфоДокс» системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Тийиштүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
Ушуга байланыштуу ЖОЖдорго маалыматтарды так, сапаттуу жана өз убагында киргизүү, ошондой эле отчеттуулукта формалдуу мамилеге жол бербөө талап кылынды.
Кеңешменин соңунда жогорку окуу жайларга коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү жана Иш-чаралар планындагы бардык пункттардын реалдуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.