23-сентябрда Улуттук тарых музейинде «Коррупцияга каршы темаларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана санарип медиада чагылдыруу» аттуу республикалык семинар өттү.
Иш-чара Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы саясатты ЖМКда жана санарип медиада чагылдыруу, маалыматтын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо, журналисттер менен блогерлердин кесиптик жоопкерчилиги талкууланды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, журналисттер, блогерлер жана медиаэксперттер катышты.
Катышуучулар коррупцияга каршы темаларды коомчулукка натыйжалуу жеткирүү жана медиа өкүлдөрүнүн кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алышты.