Кош бойлуу аялдын мумиясы табылды
Варшавада Улуттук музейден кош бойлуу аялдын бальзамдалган сөөгү табылды. Алгач, археологдор бинт менен оролгон денени Хор-Джехути аттуу дин кызматкерине таандык деп ойлошкон, бирок 2016-жылы аял экендиги маалымданган.
Археолог Марзена Озарек-Сзилкенин айтымында, акыркы мөөнөттө рентгенге көз чаптырган адис мумияланган аялдын курсагында кичинекей бутту көргөн. Бир нече жолку томографиялык изилдөөлөрдүн, рентгенддин натыйжасында аялдын 26-28 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган. Түйүлдүктүн жынысын аныктоо мүмкүн болгон жок. Каза болгон аял 20 жаштан 30 жашка чейин болгон. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз.