Кош бойлуулук жана төрөт. Акысыз кызматтар

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кош бойлуу аялдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар толугу менен акысыз экенин дагы бир жолу эскертти.

Фонддун маалыматына ылайык, кош бойлуулук учурунда татаалдашуулар пайда болгон учурда аялдар ооруканага акысыз жаткырылып, табигый жол менен да, операциялык жол менен да төрөт жүргүзүлөт. Анын ичинде кесарево операциясы жана наркоз колдонуу да мамлекет кепилдеген кызматтарга кирет.

Ошондой эле төрөттөн кийинки 10 жума ичинде пайда болгон татаалдашууларга медициналык жардам көрсөтүү да акысыз жүргүзүлөт. Бул мезгилде зарыл болгон дары-дармектер, лабораториялык анализдер жана медициналык изилдөөлөр мамлекет тарабынан каржыланат.

Фонд белгилегендей, кымбат жана жогорку технологиялуу айрым кызматтардан тышкары, бейтаптарга керектүү дары-дармектердин тизмеси, медициналык буюмдар, шприцтер, системалар жана башка чыгымдалуучу каражаттар толугу менен камсыздалат.

Өзгөчө кырдаалдарда жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бардык кош бойлуу аялдарга, алардын медициналык камсыздандыруусу бар же жок экенине карабастан, милдеттүү түрдө жана акысыз жүргүзүлөт.

Мамлекеттик камсыздандыруу фонду төрөт же операция учурунда бейтаптардан расмий эмес түрдө акча талап кылуу мыйзам бузуу экенин белгилеп, мындай учурлар катталса жарандарды 113 кыска номерине күнү-түнү кайрылууга чакырды.

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X