Кош салык салуу жоюлат. Кыргызстан менен Кипр маанилүү келишим түздү
2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды кеңейтүү маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Маалыматка ылайык, документтин негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Адистердин баамында, кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашуулар түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат.
Мындан тышкары, макулдашуу бир мамлекеттин резиденттерин экинчи мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоону, салыктан качуунун алдын алууну жана документтин жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коюуну көздөйт. Ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда салык жаатындагы маалымат алмашууну өнүктүрүүгө шарт түзөт.