Кошумча эмдөө пункттары ачылды
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматына караганда, Бишкекте Россиянын «Спутник V» вакцинасы пайдаланылып жаткан эмдөө пункттарында кезек пайда болгондуктан кошумча пункттар ачылды.
«Бүгүн биз вакцина сайылып жаткан пункттарды кыдырдык. «Спутник V» вакцинасы колдонулуп жаткан үч жерде азыраак кезек бар экен. Ошол себептүү кошумча пункттар ачылып, республика боюнча алардын саны 88ге жетти. Андан тышкары, 65 мобилдик бригада бар», — дейт Ишенапысова.
Маалыматка ылайык, бүгүнкүгө карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 20 миңге жетти. Алардын ичинен 606сы экинчи дозасын алууга жетишкен.