КР ӨКМ министри Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы менен жолугушту

28-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 18

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы генерал — майор Питер Ронек, АКШнын Орто Азиядагы борбордук комитетинин департаментинин башчысы Корт Олсон жана АКШнын КРдеги элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда министр Бообек Ажикеев эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын ортосунда түзүлгөн  меморандум  эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берет» — деп билдирди.

Ошондой эле, ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев  АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кейджи Мурга жана Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын командири Питер Ронекке  коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Генерал -майор Питер Ронек өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен АКШ Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жакшы нукта жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X