КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек АЖИКЕЕВ: “Министрликтин техникалык мүмкүнчүлүгү жакшырды”

— Бообек Эргешович, жаз айында республикада жер көчкү, сел жүрүү коркунучу күч алат. Республика боюнча канча кооптуу аймактар бар? Ал жерде жашаган элдерди башка жакка көчүрүү иштери кандай жүрүүдө?

— Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар кооптуулугу ар дайым сакталып турат. Андыктан жаздагы жер көчкү менен селден,  суу ташкынынан сак болушубуз керек. Республика  боюнча  1276 жер көчкү тилкеси бар, алардын жарымына жакыны, же  543  жер тилкеси калктуу конуштар үчүн өтө кооптуу. Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан. Мындан сырткары 40тан ашуун кар көчкү тилкеси Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек, Бишкек – Нарын, Суусамыр – Талас – Тараз, Мырзаке – Алайкуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолдорунда жайгашкан.

Өлкө боюнча 3000ден ашык ар кандай көлөмдөгү дарыялар болгондуктан 3600дөн ашык  сел жана суу ташкындоо тилкелери аныкталган. Бийик тоолордо 338 көл бар. Жарылып кетүү коркунучу боюнча 4 категорияга бөлүп, министрлик туруктуу мониторинг жүргүзүп келет. Жер, кар көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдар бар кооптуу аймактардан 3833 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш. Алардын 2355и  мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып көчпөй койгондор. 2023-жылы жалпысынан 3739 эскертме берилген. Бүгүнкү күндө алардын 253ү аткарылган. Буга тийиштүү бардык мамлекеттик мекемелер трансформация болчу жер аянттарын чечип, жер тилкелерин бөлүп берүү, көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана кайра көчүп баруусуна тыюу салуу,  жаңы жер тилкелерде инфраструктура түзүп, көчүп баргандардын жашоо-шартын ыңгайлаштыруусу зарыл.

Акыркы жылдары жол кырсыктары аябай көбөйдү. Өрттөнүп кеткен, же адамдардын кырсыкка учураган унааларга кыпчылып калган кездери да арбын. Ал жерге дарыгерлер, өрт өчүрүүчүлөр менен бирге сиздердин министрликтин да кызматкерлери келишет эмеспи?

— Өлкө жетекчилигинин биздин алдыбызга койгон эң башкы тапшырмаларынын бири- өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда биздин ыкчам жана сапаттуу иштей ала тургандыгыбызды көрсөтүү болуп саналат. Чоң, кичине, кээде глобалдуу кырдаалдар болуп калат. Ага өрт, жол кырсыктары, авриялар кирет. Акыркы жылдары айрыкча жол кырсыктары көбөйдү. Авариядан бүтүндөй бир үй-бүлө жок болуп кетип жатат. Же ата-энеси каза болуп, жаш балдары үйдө кароосуз, багуусуз калган оор учурлар. Мындай кырсык болгон жерлерде биздин куткаруучулар өз иштерин так аткарышат. Ошондой учурда керек болчу жаңы шаймандарды алып жатабыз. Мисалы, машина кескичтерди, аны көтөрө турган техникаларды. Мурда мындай шаймандарыбыз жок болчу. Булар өтө кымбат шаймандар, аларды бизге турмуш өзү мажбурлап алдырды. Анткени, тез арада адамды куткарып калышыбыз керек. Мындайда ар бир секунд баалуу.  Деги кандай гана кырдаал болбосун биз өз даярдыгыбызды, жумушубузду колдон келишинче бат, ылдам  көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Өрт кырсыгы жылдын бардык мезгилинде, айрыкча кыш айларында көбөйөт эмеспи. Анын адам факторуна байланышкан, башка да себептери бар. Өрт өчүрүүчү заманбап унаалар, бийик кабаттуу үйлөргө жете турган техникалык каражаттар, шаймандар жетиштүүбү?

— Кыш мезгилиндеги өрт кырсыктарынын 70%ы турак жай секторунда катталат. Алардын дээрлик көпчүлүгү адамдык факторлордон, үйлөрдү жылытууда электр жабдууларын, жылытуучу мештерди туура эмес пайдалануудан, отко этиятсыз мамиледен улам келип чыгат.

Биздин өрт өчүрүүчү унаалардын көпчүлүгү мындан 20-30 жыл башта алынган, эски унаалар болчу. Азыр эми эл көбөйүп, курулуп жаткан үйлөр да мурдагыдан алда канча бийик, аянты, көлөмү кенен болуп салынып  жатат. Демек, унаалар, шаймандар да ошол бийиктикке жетип, өрттү өз убагында  өчүрө ала тургандай болуш керек. Мурда 2 тонна суу сыйган унаалар өз милдетин жакшынакай аткарып келсе, азыр ал унаалар жарабай калды. Ошол үчүн алдыдагы 10-15 жылга жарай турган заманбап унааларды алдык. Балким, жыйырма жылдан кийин дагы жаңы машиналар чыгар. Аны убагында көрө жатарбыз. Өрт өчүрүүдө биз кызматкерлердин жаш курагына, алардын ден-соолугуна да көп көңүл бура баштадык. Мурда жашы өтүп калган адамдар  иштечү экен. Өзүңүз билесиз, кырсык болгон жерге күчтүү, жаш, шамдагай адамдар керек болот.  Ал үчүн атайын жана инженердик техникаларды, шаймандарды жабдууларды алуу активдүү жүрүүдө. Биздин министрликтин техникалык мүмкүнчүлүгү акыркы 3 жылда болуп көрбөгөндөй өстү, 700дөн ашуун ар кандай жаңы үлгүдөгү техникалуу болдук.  Анын 200дөн ашыгы өрт өчүрүүчү техникалар.  3 тик учак алынды. 2 тик учак республикалык бюджеттен Аirbus H-125, H-145,  ал эми бирөөсү Россиядан гранттык негизде МИ-8МТВ1 келди. 38 унаадан турган  2 мобилдүү госпитал алынды.

Куткаруучулардын  даярдыгын жогорулатуу үчүн окутуулар, машыгуулар жыл бою жүргүзүлөт. Машыгууда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, өрт коопсуздугун жана суу объекттеринде адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тажрыйбалык көндүмдөрдү байма-бай өткөрүшөт. Мисалы, өткөн жылы  651 машыгуу өткөрүлдү, жалпысынан 2356 кызматкер жана 16398 жергиликтү жаран окутулган. Бул окутууларда айттырбай келген табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарда жарандар өзүн-өзү алып жүрүүсү, баш аламандыкка алдырбай аткарчу аракеттерин үйрөнүшөт. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу байма-бай жарыяланып келет.

Дүйнөнүн 90 мамлекетинин башын бириктирген “ИНСАРАГ” эл аралык куткаруу уюмуна кирүү үчүн кызуу даярдык көрүлүп жатат. Куткаруучулар издеп-куткаруу ишине керектеле турган акыркы үлгүдөгү шаймандар менен камсыздалууда.

Азыркы учурда өрт өчүрүүчү техникалардын бардыгы 100%га жаңыланды. Биз 2022-2023-жылдары 200дөй өрт өчүрүүчү техникаларды алганбыз. Баары заманбап, эң аз дегени 5 тонна, эң көбү 8 тонна суу батуучу, кубаттуулугу чоң техникалар. Арасында көп кабаттуу үйлөргө жете турган 50 метрлик автошатыдан  үчөө  келген,  учурда бирөө Ош шаарына, экөө Бишкек шаарында турат. Мурдагы техникалар  аймактарда иш алып баруда.

— Бообек Эргешович, акыркы жылдары  бизде тоо туризми өнүгө баштады. Бул жакшы деңизчи.  Бирок, тоодо саякаттап жүрүп, кырсыкка кабылып же дайынсыз жоголуп кеткен адамдар да көбөйүп жатат. Бир ай мурда эле Ала-Арча эс алуу паркында жоголгон жигитти ӨКМдин кызматкерлери тынымсыз издешти. Ал жигит табылдыбы?

— Өлкөбүздө тоо туризмин өнүктүрүүгө  жакшы шарт бар.  Бирок аларды тейлөө  жагын жана туристтердин коопсуздугун биз жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоо туризмин өнүктүрүү, туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн тоо куткаруучуларынан турган «Эдельвейс» кошуунун түзгөн. Кошуун ар дайым күжүрмөн даярдыккта болуп, тоодо эс алуучуларга жана туристтерге зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтөт. Ага ылайык 3 тик учагыбыз бар. Айрым учурда адам буту жетпеген бийик жерде тик учактар менен да издөө-куткаруу иштери жүргүзүүгө туура келет.

Ал эми, үстүбүздөгү жылдын январында Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында  дайынсыз болуп жаткан Маматаалы уулу Мухамбеталы аттуу жаранды издөөгө 300гө жакын куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, ыктыярчылар катышты. Тилекке каршы, издөө иштеринен натыйжа болгон жок.

Бүгүнкү күнү аталган жаран Ички иштер министрлигинин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделүүдө. Себеби, дайынсыз жоголгон жарандарды издөө Ички иштер министрлигинин иш-аракетине кирет.

— Кыргызстанда уран калдыктары көмүлгөн канча кооптуу жай бар? Аларды тосуу, кайтаруу иштери кандай жүрүүдө?

Учурда министрликтин карамагында 60 объект бар. Алардын  ичинен 55и  радиактивдүү,  көлөмү 5,84 млн м³ди түзөт. Атап айтсак,  Майлуу-Суу шаарчасындагы 23 калдык сактоочу жай жана 13 тоо кен калдыктары, Шекафтар шаарчасындагы 8 тоо-кен калдыктары, Миң-Куштагы 4 калдык сактоочу жай жана 4 тоо-кен калдыктары, Кажы-Сай шаарындагы 1 калдык сактоочу жай, Кызыл-Жардагы 1 тоо-кен калдык сактоо жайы, Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү 1 тоо-кен калдык жайы бар.

Министрлик өз карамагындагы объекттерде үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, мониторинг жана авариялык калыбына келтирүү иштерин алып барат.

Аталган объекттерде узак мөөнөттүү коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу максатында бир катар эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Айта кетсек, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында Кажы-Сайдагы жана Миң-Куштагы калдык сактоочу жайлар толугу менен коопсуз абалга келтирилип, “Как” калдык сактоочу жайдын өз ордунда рекультивация иштери жүргүзүлдү. Ал эми  “Талды-Булак” калдык сактоочу жайын “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүү иштери аяктады.

Учурда Миң-Куштагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайы “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүлүүдө. Рекультивация жумуштарын аяктоо мөөнөтү ушул жылдын августуна мерчемделген.

Борбор Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча 2021-2022 жылдары Миң-Куш жана Шекафтар шаарчаларында жайгашкан тоо-кен калдыктарында рекультивация жумуштары аткарылды. Ошол эле каржы булактарынын эсебинен 23.0 млн евро суммасына “Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнөн калган калдыктар сакталган аянтчаларды рекультивациялоо” жумуштары 2030-жылга чейин пландалган.

Кыргызстан менен Россия Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде Таш-Көмур шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасы менен Ноокат районунун Төө-Моюн айылындагы тоо-кен калдыктарын, Кажы-Сайдагы мурунку өнөр жай аймагын рекультивациялоого Россия Өкмөтү тарабынан 2 141 420, 5 миң рубль каралган. Аталган объектилерде рекультивациялоо иштеринин башталышы 2025-жылга мерчемделген.

Министрликтин иши ыкчамдыкты талап кылат эмеспи. Сиздердин министрликте санариптештирүү жараяны кандай жүрүп жатат?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылдын башында электрондук документ жүгүртүү локалдуу системасына кошулуп, электрондук кол тамгалар алынды. Учурда министрликте кат алмашуу сымал кагаз иштери электрондук форматка өткөн.

Мындан сырткары “Түндүк” системасына толук кошулуп, гидрометеорологиялык маалыматтар, өзгөчө кырдаалдар, өрттүн саны, келип чыгуу себептери боюнча маалыматтарды Улуттук мониторинг системасына берип жатат.

Гидрометеорологиялык маалыматтарды чогултуу жана берүү борбору автоматтык түрдө ишке киргизилди. Өлкө боюнча 94 автоматтык метеорологиялык станция орнотулуп, жер-жерлерден гидрометеорологиялык маалыматтар Кыргызгидрометтин серверине ар 10 мүнөт сайын берилет.

Ошондой эле өрт кырсыктарын эсепке алуу, абалды байкоо, болжолдоо жана өрттүн алдын алуу максатында өзүнчө маалыматтык система иштелип чыкты.

Дагы бир маанилүү кызматты белгилей кетели. Өзгөчө кырдаалдарды аныктоого жана алдын алууга калктын катышуусун жакшыртуу жана ыкчам чара көрүүнү камсыздоо максатында, министрлик тарабынан “112 Кыргызстан” мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тиркеме колдонуучуларга өзгөчө кырдаалдар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү фото, видео, аудиоматериалдарды тиркөө менен жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле колдонуучу шашылыш эскертүүлөрдү жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча зарыл маалыматтарды ала  алат.

Бизде көбүнчө кырсык жүз бергенден кийин барып, ызы-чуу түшүп калабыз. Жер титирөөнүн качан болорун билүү кыйын, бирок, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда кандай иштер аткарылууда?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан калкты жана аймактарды сел, суу ташкындарынан коргоо, табигый мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу, адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында комплекстүү түрдө алдын алуу иштери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте туруктуу аткарылып келет.

Айта кетсек, 7-12 февраль күндөрү Бишкек – Ош автоунаа жолунда жалпы 422 990 м3 кар көчкүсү мажбурлап түшүрүлгөн. Мындан сырткары “Жашыл долбоор” проектиси ишке киришкен. Долбоордун максаты жер көчкү жана дарыя жээктерине дарактарды тигүү менен жээктеги эрозия, көчкү түшүү коркунучун азайтуу. 2023-жылы 9 гектер жерге 6 миң 600  дарак отургузулуп, алар аркылуу келечекте 50 турак жай корголот. 2024-жылга кооптуу аймактардагы 86 гектар жерге 47 миң даана көчөт отургузуу каралган.

Ошондой эле, “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасы боюнча ӨКМдин техникаларын тартуу менен коргоо иштери жүргүзүлүп келет. Соңку 3 жыл ичинде алынган  100дөн ашуун  инженердик техникалардын жардамы менен аймактарда иштин тез ылдамдыкта жана сапатуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооп берген дагы бир багыт болгон капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат менен тааныштыра кетейин.

2024-жылы коргоочу курулмаларды куруу жана жээктерди бекемдөө иштери жалпысынан 24 объектте пландалган. Бул үчүн 218, 6 млн сом   каралган. Мындан тышкары Ош облусун Өзгөн районунун Кароол аймагында Кара-Дарыя дарыясынын сол жээгине коргоочу тосмону куруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

                                                                                                          Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№20 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 12-марты

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X