КР мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман МАМАТАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДА МУНАЙДЫН БААСЫНДА ӨСҮҮ БОЛБОЙТ”

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын Борбор Азияга таасири, дегеле мусулман өлкөлөрүндөгү соңку геосаясий кырдаалдын агымы бизге канчалык таасир этет? Биздей өлкөлөр мындай шартта экономикалык жактан “төө бастыга” калып калбайбы? Диний экстремизм күч алган азыркыдай шартта чек ара маселелерибизге сырттагы согуштун кесепети кедергисин тийгизбейби? Мындай актуалдуу соболдорубузга кезегинде өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатын тейлеген тажрыйбалуу Абдырахман Мадакимовичтен азын-оолак жоопторду алдык.

— Абдырахман Мадакимович, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайсы бир деңгээлде биздин кызыкчылыктарга таасир этеби? Анткени, Европадан Кыргызстанга келген айрым товарлар түштүк маршруту (Иран жана башка өлкөлөр аркылуу) менен өтөт. Учурда ал жол жабык. Бул жагы кыргыз экономикасы үчүн кандайдыр бир деңгээлде таасирин берет да, туурабы?

— Бул согушка түз же кыйыр катышып жаткан өлкөлөрдүн баары менен албетте, аздыр-көптүр экономикалык жактан байланыштарыбыз бар. Ошондуктан, бул алааматтын кандайдыр бир деңгээлде экономикабызга таасири тиет. Тийбей койбойт. Бирок, аталган маршрут менен ташылган жүктүн көлөмүнүн биздин экономикага кошкон салымы анчалык деле чоң эмес. Бул жагын да эске алуу керек. Анын үстүнө, азыркы учурда өлкөдөгү экономикалык өсүү, негизинен өнөр-жайдын, курулуштун, туризмдин, кызмат көрсөтүүнүн, чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү менен камсыз болуп, мамлекетте каржылык туруктуулук пайда болгонун эске алсак, анда бул жагдайдан олуттуу коркунуч деле жок.

— Ушул абал дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиядагы мунайдын баасына кескин түрдө таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

— Албетте, интернеттеги соцтармактарда кээ бир радикалдык маанайдагы чакырыктар да жок эмес. Анын үстүнө Пакистан менен Афганистандын ортосундагы кагылышуулар да талкууланууда. Ошондуктан, биздин атайын кызматтар кырдаалды ар дайым көзөмөлдө кармап, ыкчам жана системдүү иш чараларды жүргүзүп туруусу зарыл. Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында мунайдын баасы жөнүндө маалыматтар күн сайын жарыяланып жатат. Азырынча, согуш качан токтоорун эч ким так айта албайт. Мындай шартта, дүйнөлүк базарда албетте, мунайдын баалары дагы өсүшү мүмкүн. Бул эми табигый процесс. Ал эми Кыргызстанда өтө кескин өсүү болбойт. Анткени, биз негизинен мунайды Оруссиядан атайын келишимдин негизинде алабыз.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X