КР Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн 2021-жылдын 12-16-апрелиндеги аткарган иштери жөнүндө маалымат

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 78 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн реформалардын алкагында кабыл алынган айрым ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу маселелери жөнүндө эксперттик жумушчу топ түзүлүп, анын курамы аныкталды.

Бул эксперттик жумушчу топ учурда колдонулуп жаткан жазык, жарандык, административдик жана аткаруу блокторундагы кодекстерде, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү процесстик, ошондой эле укуктун башка ченемдерде орун алган укуктук боштуктарды, коллизияларды четтетүүгө багытталган талдоону жүргүзүү үчүн жана Кеңешке сунуштарды иштеп чыгуу максатында иш алып бармакчы.

— 2021-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү соттордун судьяларынын өз кызмат ордуна 20 талапкер сунушталып, алар бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине маектешүү үчүн чакырылды.

— Жума ичинде бөлүмгө 43 кат келип түштү, анын ичинде 23 кат жарандардын кылмыш-жазык жана жарандык сот өндүрүшү, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш тартибинде каралуучу кайрылууларынан турса, 6 кат укук коргоо жана прокуратура органдарынын иш аракеттерине болгон кайрылуулардан турат, 8 кайрылуу судьялардын жүрүм-турумуна нааразычылыктар боюнча, ал эми 10 кат мамлекеттик органдардан келген жана 10 жаран жеке кабыл алынды.

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X