КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу клиникалык оорукананын дарыгери, психотерапевт, Буалима НАЗАРКУЛОВА: «СТРЕСС – БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ЭҢ КООПТУУ ИЛДЕТТЕРДИН БАШАТЫ»

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 49

Акыркы жылдары оорулардын түрү көбөйүп, көпчүлүк адамдар ден соолугунун азабын тартып келет. Кайсы дарыгерге кайрылба, оорунун күчөшүнө стресс себеп болуп жатканын айтышат.

Мына ушундай суроолорго жооп алуу максатында 45 жылдык тажрыйбасы бар, көптөгөн бейтаптарды дарылап, элдин алкышына татыган Буалима Назаркулова менен маектештик.

– Буалима Түлкүбаевна, эмнеге акыркы мезгилде көп илдеттин өрчүшүнө стресс негизги себеп болуп калды?

– Адам стресске кабылганда көп илдеттин өрчүшүнө шарт түзүлөт. Андан сырткары, “менин дартым кооптуу окшойт” деп ашыкча санаркоо, дүрбөлөңгө түшүү да оорулардын күч алышына алып келет.

Мээде, жан дүйнөдө тынчтык болбосо, адам көп ооруйт. Ошондуктан кары-жаш дебей баарыбыз сабырдуу болууга аракет кылышыбыз керек.

Биз жаш кезде бизге сабак берген профессор: «Бир убакта депрессия эң алдыңкы сапка чыгат, психотерапияны окугула» дечү. Ошондо таң калчубуз. Азыр анын айтканы келди.

Биринчи орунда жүрөк-кан тамыр оорулары турса, депрессия экинчи орунга чыкты.

Советтер союзу тарап, эл эмне кыларын билбей калган учур — жалпы эл үчүн чоң стресс болду. Андан кийин пандемия келди. Той эмес, туугандар менен жолугууга да зар болуп калган күндөр болду.

Ковиддин катаалдыгы, белгилүү адамдардын каза болушу элдин баарын дүрбөлөңгө салды. “Акчасы барлар да өлүп жатса, мен аман каламбы?” деген ой ар бир адамдын жүрөгүн өйүдү.

Жагдай азыр жакшырганы менен биз бүгүн ковиддин кесепеттерин дарылап жатабыз. Ошол мезгилде ооругандарга дары ташыган, ачка калгандарга жардам берген жаштар да катуу стресс алышты. Булардын баары бүгүн оорулардын көбөйүшүнө себеп болду.

Чет өлкөгө чыгып иштегендер да стресске кабылышат. Ал жактагы турмуш ар ким ойлогондой болбойт. Кыйынчылык, жалгыздык — мунун баары ден соолукка таасир этет.

– Ар бир оорунун түбү психикага барып такалат дешет. Аны бузбай сактоонун жолу барбы?

– Бар. Ал – сабырдуулук. Адам коркуу сезимине алдырбай, “мен оорубайм, ден соолугум жакшы” деген ишенимди жаратышы керек. Көп оорулар жан дүйнөнүн абалынан жаралат. Таарыныч, ачуулануу, кайгыруу — баары организмге терс таасирин тийгизет.

Негатив ойлор топтоло берип, организм көтөрө албай калганда кайсы бир оору чыгат. Айрыкча, өзүбүз моюндабаган, ичибизге каткан маселелер кооптуу.

Статистика боюнча оорулардын 70%ы негативдүү эмоциялардан келип чыгат. Үй-бүлөдөгү чыр, жумуштагы көйгөй, атүгүл ашыкча кубаныч да стресс жаратышы мүмкүн. Психикасы бекем адам шартка тез көнөт. Ал эми психикасы алсыздар маселени чечпей, ичинен тынчсыздана берет. Натыйжада организм ооруп калат.

– Ызырынган, сөгүнгөн адамдардын баары эле психикалык оорулуу десек болобу?

– Бул жөн гана кыял деп маани бербей койбош  керек. Кыял да ата-энеден балага өтөт. Эгер убагында адиске көрүнбөсө, кийин кооптуу психикалык илдетке айланышы мүмкүн.

Эч кимге жакшылык каалабаган, дайыма ачуулуу адамдар көбүнчө инсульт же инфаркт алышат. Ошондуктан пейилди кең коюп, бири-бирибизди аяп жашашыбыз керек.

– Акыл-эси начарлап бараткандарга жардам берсе болобу?

– Албетте. Инсульттан кийин же эс-тутуму начарлагандарды дарыласа болот. Дароо айыгып кетпесе да, абалын жеңилдетүүгө мүмкүн.

Айрыкча уйкусуздук башталганда кечикпей кайрылуу маанилүү. Болбосо кийин эч нерсе жардам бербей калышы мүмкүн.

– Узакка созулган стресс адамды кайда алып барат?

– Адегенде тынчын албайт, андан кийин депрессияга өтөт. Иммунитет түшүп, организм алсызданат. Стресстин фонунда адам вирустук ооруларга бат чалдыгат.

Оору – бул алдыга жылуудан баш тартуу. Ошондуктан туура ой жүгүртүп, жакшы сезимдерди тарбиялап, жаман ойлор менен күрөшүү керек. Терс эмоциялар кан басымды көтөрүп, инфарктка, инсультка алып келиши мүмкүн.

– “Жашоого тойдум” дегендерге да үмүт берсе болобу?

– Бизге көбүнчө жан дүйнөсү жанчылган, жашоодон үмүтү үзүлгөн адамдар келишет. Аларды жакшы сөз, жылуу мамиле менен да дарылайбыз.

Бир окуя эсимде. Үй-бүлө мүчөлөрү баары келатып авария болуп, ата-энеси жана эки бир тууганы каза болуп, бир гана 16 жаштагы кыз  аман калган. “Мен эмнеге тирүү калдым” деп  ыйлачу. Балдак менен басып, жашоодон үмүтү үзүлгөн эле. Эки жолу келип, менден  дарыланды.

Беш жылдан кийин колуна бала көтөрүп, бактылуу келин болуп кайра келди. “Сиз мени аман алып калдыңыз” деди. Ошондо адамга үмүт берүү канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу түшүнгөм.

Чынайым Кутманалиева

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X