КР жарандарынын 300дөн ашык документтери табылды
«Ош Базары» аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө радиотүйүндөрдүн пункттарында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын 300дөн ашык документтери табылып, Борбор калаанын Ленин районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. МКК 2017-жылы «Табылгалар бюросу» автоматташтырылган маалымат издөө тутумун ишке киргизилген. Анын маалымат базасына жарандар тапкан документтер жөнүндө бардык маалыматтар киргизилет.
Табылган документтердин тизмеси:
eID-паспорт — 85 даана;
Жалпы жарандык паспорту — 7 даана;
AN паспорту — 177 даана;
Айдоочулук күбөлүк — 27 даана;
Аскердик билет (таандык) — 2 даана;
Эмгек китепчеси — 1 даана;
Нике тууралуу күбөлүк — 5 даана;
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк — 4 даана;
ТК каттоо жөнүндө күбөлүк — 5 даана;
Студенттик карта — 3 даана;
Өтүү билети — 3 даана.
Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди тапкан жарандарды МККнын бардык аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат. Суроолор менен МККнын 119 чалуу борборуна кайрылыңыздар. Ошондой эле, МККнын электрондук кызматтар порталынын маалымат базасынан жоголгон документтерди издөө жана текшерүү үчүн колдонсоңуз болот.