КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева: «Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот адилеттигине байланыштуу»

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 314

Сентябрь айынын башында Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, өлкөдөгү адам укуктарын жана
эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулаган. Төмөндө КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтундагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

— Жамиля Акматбековна, жакында сизди Президент Садыр Жапаров кабыл алды. Жолугушууда кандай маселелер талкууланды, кандай тапшырмалар алдыга коюлду?

— Ооба, Мамлекет башчыбыз менен абдан маанилүү жолугушуу болду. Жолугушууда жарандардын укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер, Акыйкатчы институтунун иштери, натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Ишибизде мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерге мониторинг жана инспекция күчөтүлүүдө. Мисалы, 2025-жылы – 811 мониторинг жана инспекция жүргүзүлгөн. Ал эми 2026-жылдын 8 айында — 646 мониторинг жана текшерүү болгон. Мыйзамдарды өркүндөтүү багытында да туруктуу оң динамика байкалууда. Аны менен катар институттун материалдык базасы күчөтүлүп, 11 жаңы автоунаа, аймактагы өкүлчүлүктөрүбүзгө кошумча иш бөлмөлөрү бөлүнүп, институтта 30 жаңы штат ачылды.- Жарандар кайсы тармактар боюнча укуктарынын бузулганын айтып кайрылышат?- Жарандардын кайрылууларынын негизги бөлүгүн сот адилеттигине жана ички иштер органдарынын ишмердигине байланыштуу маселелер камтыйт. Айрыкча сот чечимдерине байланыштуу маселелер, алардын аткарылышы жана алимент боюнча маселелер көтөрүлүүдө. Бул багытта жалпысынан 882 кайрылуу түшкөн. Мындан тышкары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, анын ичинде социалдык камсыздоо жана турак жай маселелерине, прокуратура, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына байланыштуу кайрылуулар бар. Ички иштер органдарынын ишмердиги боюнча 363 кайрылуу түшүп, алардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу болгон. Институтка жыл сайын 9 миңден 11 миңге чейин кайрылуу келип түшөт, анын ичинен 2,5 миңден 3,5 миңге чейини жазуу түрүндөгү кайрылуулар болгон. Акыркы жылдары жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү көрсөткүчү эки эседен ашык өстү. 2023-жылы 24,4%, 2024-жылы – 58,2%, 2025-жылы – 58,9% болду. 2026-жылдын 8 айында эле бизге 2300дөн ашык жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 50%га көп. Институт жарандар үчүн барган сайын жеткиликтүү болуп, аймактардагы ишин күчөтүп, мониторинг жана алдын алуу иш-чараларын кеңейтип жатабыз.

— Мындан бир жыл мурда Акыйкатчы институтунун түзүмүнө Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор бириктирилген. Бул тергөө абактарындагы (СИЗО) жана убактылуу кармоочу жайлардагы (ИВС) адам укуктарын коргоо, кыйноо фактыларын алдын алуу ишин канчалык деңгээлде натыйжалуу жана системалуу кыла алды?

— Акыйкатчы институту акыркы 3 жылда бир топ олуттуу жетишкендиктерди көрсөтө алды. “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы менен биздин ыйгарым укуктарыбыз кыйла кеңейтилип, кыйноолордун алдын алуу функциясы бизге өттү. Бул чечимдин негизги максаты – кыйноолордун алдын алуу боюнча ишти күчөтүү жана бири-биринин ыйгарымдарын кайталаган мекемени бириктирүү болду. Аны менен иш багыттуу жана системалуу жолго коюлду десем болот. Негизи Акыйкатчы институту мурда деле кыйноолордун алдын алуу жана бул жааттагы кайрылуулар менен иш алып барып келген. Атайын борбор түзүлгөндөн кийин иш күчөтүлдү. Ага бул жаатта кайрылуулардын саны көбөйгөнү эле далил. 2025-жылы Акыйкатчы институтуна кыйноо боюнча 56 арыз түшкөн. Ал эми 2026-жылдын 8 айында 52 даттануу болгон. 8 айда Акыйкатчы институту жабык жана жарым жабык мекемелерге 611 мониторинг жүргүздү.

— Акыркы 8 айда сиз жетектеген мекемеге кайрылуулардын саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 50 пайызга өсүптүр. Бул өлкөдө адам укуктарынын бузулушунун көбөйгөнүбү же бул Акыйкатчы институтуна болгон элдин ишениминин реалдуу жогорулаганынан кабар береби?

— Жарандардын кайрылууларынын дээрлик 50%га өсүшүн адам укуктарынын бузулушунун көбөйүшү катары гана кабыл алуу туура эмес. Бул көрсөткүч бир жагынан жарандардын укуктук маселелерге байланыштуу көйгөйлөрүнүн бар экенин көрсөтсө, экинчи жагынан, алардын өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугунун жогорулашы десек болот. Муну институттун башка багыттарындагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү да тастыктайт. Ошондуктан, кайрылуулардын өсүшүн адам укуктарын коргоо механизмдерине болгон жарандардын активдүү кайрылуусунун жана Акыйкатчы институтунун коомдогу ролунун жогорулап жаткандыгынын көрсөткүчү катары баалоого болот.

Мээрим Бактыбек кызы

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 314
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X