КРнын мамлекеттик катчысы Арслан КОЙЧИЕВ: “БИЗДИН МАКСАТ – ЖАҢЫ ЭЛИТАНЫ, ЖАШ ТОЛКУНДАРДЫ ТАПТАП ЧЫГАРУУ…”
Бу сапар өлкөбүздүн башкы идеологуна бир катар соболдорубузду жолдодук. Соңку убакта анын ишине, жеке чыгармачылыгына карата коомдогу, интернет желесиндеги сындардын көбөйүп жатканынан улам… Кызыгы, маектешим биздин жеңил суроолорубуздан тарта бардык соболдорубузга кайпактатып, жасалмалуулукка ыктабай, мамлекеттик чиновниктик “терисин сыйрып сала” жооп узата отурду. Эмесе, бул жагын эл бааласын!
– Арслан Капайович, жакында сиздин демилгеңиз менен илимий-чыгармачыл интеллигенциянын форуму өтөрүнөн кабардар болдук. Бул иш-чара илимпоздордун, чыгармачыл чөйрөнүн, дегеле өнөр адамдарынын көйгөйүн көтөрүп, алардын “жеңилин жерден, оорун колдон алуубу” же жөн гана аларды адаттагыдай идеологиялык максаттарда колдонуубу? Биздин илимий чөйрө буга дейре мындай форумдардын канчасын баштан кечирбеди дейсиз…
– Бул жолку Улуттук форумду өткөрөөрдүн алдында биз “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик – кыргыз ренессансы” – деген ураанды көтөрүп жатабыз. “Кыргыз ренессансы” – бул стратегия. Ушул стратегия аркылуу биз XXI кылымдагы кыргыз элинин руханий, маданий кайра жаралуусун, руханий шыктануусун кайрадан көргүбүз келет. Азыркы учурда бирибиз орусчул, айрымдарыбыз батышчыл, көпчүлүгүбүз арабчыл болуп, бири-бирибизди ар кандай аттарга “атыктырып”, туш-тарапка бөлүнүп турган чакта улуттук иденттүүлүктүн абалы албетте, бизди ойлондурбай койбойт. Аныгында улутту жетектеп турган күч болуу керек. “Кыргыз ренесансы” – деген ураан аркылуу биз кыргыз коомунда жаратмандардын жаңы катмарын, жазуучулардын, акындардын, сүрөтчүлөрдүн, киночулардын, дегеле искусствонун бардык катмарларындагы мыкты-мыкты өнөр ээлерин чыгарышыбыз керек.
– Кезегинде бизде мындай катмардагы өнөр ээлери көп эле болгон да, туурабы?
– Ооба, бизде мындай катмардагы улутубуздун каймактары болгон. Биз бул жагын танган жокпуз. Болгону, андай катмар азыр эскирип баратат. Искусстводо жаңы катмарды, жаңы жүздөрдү, айрыкча, идиректүү жаштарды чыгарсак, ошол жаңы толкун, жаңы түрмөк мындан ары кыргыз коомун XXI кылымдын экинчи жарымына, андан ары XXII кылымга баштап кетиши керек. Дал ушундай асыл ой, келечектүү идеология, жалындаган ураан менен биз канткенде жаштардын ушундай түрмөгүн жаратабыз? – деген соболдун астында бир катар маселелерди талкуулоо үчүн улуттук форумду өткөргөнү жатабыз. Бул форумда биз канткенде кыргыздын чыгармачылык генин ойготобуз? Канткенде жаңы таланттарды, генийлерди чыгарабыз? – деген сыяктуу бир катар түйүндүү суроолорго жооп издемекчибиз.
– Улуттук форум го жакшы деңизчи. Улуу генийлерди чыгарышты ойлонуштан мурун биз элибизди мамлекетти, эли-жерибизди сүйүүгө, ири алды идеологияны жайылтууга, көп тилдерди үйрөнүүгө кызыктыра албай, айрым бул жагынан идиректүүлөрдүн талант-шыгын ойготууга мамлекеттик алкакта чама-чаркыбыз жетпей, чабалдык кылып жаткан жокпузбу?
– Абдан туура! Тил үйрөнүү – бул дагы улуттук иденттүүлүктүн бир элементи. Бул көйгөйлөр азыр да кабыргасынан турат десем болот. Биз 30 жыл башта “кыргыз тили мамлекеттик тил болсун” – деп өжөрлөнүп жатып, тилибизди мыйзам аркылуу кабыл алдырдык. А иш жүзүнө келгенде бул жагы жакшы аткарылдыбы? Бул аралыкта, өзгөчө жаштарыбыз арасында кыргыз тилине карата кайдыгерликти жокко чыгара албайбыз. Бул көрүнүш албетте, улуттук интеллигенцияны кооптондурат. Ушул сыяктуу көйгөйлүү көрүнүштөргө улуттук форумда кеңири кайрылып, чечүүнүн жолдорун талкуулап, келечекке карай жооп издейбиз.
– Соңку жылдары биз жолдогу автокырсыктарга ушакташкандай, кудум нан жегендей эле көнүп калгандайбыз. Мындай көрүнүшкө карата жакында өзүңүз да “жолдо жүрүүнүн, автоунаа айдоонун идеологиясы менен маданиятын үйрөнө албай койдук” – деп жан ачып жазганыңызды окуп калдым. Биз идеологиянын мындай түрүн жакын арада үйрөнө алчуданбызбы?
– Биз, идеология десе эле тээ жети кабат асмандагы укмуш ураандарды же кооз сөздөрдү “улуттук идеология же башкы баалуулугубуз ушунда” – деп кеп кылабыз. Кээде улуттук баалуулук кечке эле архаикалык мүнөздө боло бербейт да, туурабы? Туура, аларды да сакташыбыз керек, такыр эле четке кага албайбыз. Ошол эле маалда биз жаңы маданиятты да жаратышыбыз керек. Жаңы маданиятыбыз биздин улуттук эн белгибиз болушу абзел. Жаңы маданиятты, болгондо да кыргыздын урбанизация маданиятын жаратуу да, бул – улуттук идеология дээр элем. Ошонун бир элементи жол коопсуздугу, автоунаа айдоо маданияты. Бизде азыр айдоо маданиятынын жоктугунун айынан Кыргызстан тилекке каршы, эң жаман көрсөткүчтөр менен алдыга чыкты. Жол кырсыгынан каза болгондордун саны боюнча биздин өлкөбүз эң начар мамлекеттердин катарына кириптирбиз. Өткөндө Өлкө Башчыбыз Садыр Нургожоевич Улуттук Курултайда “жол кырсыгынын кесепетинин айынан каза болгондордун саны согуштагыдай эле болуп жатат” – деп каңырыгы түтөп айтты. Биздин элибиз мындай көрүнүшкө “кокуй, көзүбүздү ачып ойлонолу” – деши керек болчу. Бирок, биздин элибиз антпей жатпайбы, туурабы? Демек, биздикилерге адамдын өмүрү баалуу эмес экенине аргасыз ынанасың. Садыр Нургожоевичтин “айдоочулук күбөлүк үчүн 10 айлык окуу керек” — деген аракетин кош-колдоп колдойм. Биз жол коопсуздугу боюнча катаал чараларды тез арада көрүп, автоунаа айдоо маданиятын жалпы улуттук маданият катары калыптандырышыбыз зарыл. Эгер андай жолго барбасак кырыла беребизби? Мен автоунаа айдоо маданиятын улуттук идеологиянын предмети деп эсептейм.
– Соңку убакта социалдык түйүндөрдө сиздин чыгармаларыңыздын негизинде коюлган спектакль менен тартылган кинофильм боюнча интернет колдонуучулары нааразычылыгын билдиришүүдө. “Арслан Капай уулу кызматка келгени өзүнүн чыгармасын эле сүрөп, мамлекеттик буюртма менен эл алдына алып чыгууда. Мамлекет бул инсандын “жеке хоббисиби?” — деген өңдүү талкуулар жүрүп жатканынан өзүңүз дагы кабардар болдуңузбу?
– Ооба, интернет колдонуучулардан, айрыкча блогерлердин андай “сындарын” угуп, айрымдарын окуп да жатам. Чыгармачылык укук, китеп жазуу өзүнчө, мамлекеттик кызмат өзүнчө да. Менин чыгармаларым боюнча спектаклдер коюлуп, кино тартылып кетти. А бирок, мындай пландар мен мамлекеттик катчы боло электе эле 3 жыл мурун башталган. Кино деген 1-2 айда тартылып, спектакль бир айда коюла калбайт. Аны даярдап, сценарийин жазыш үчүн канча убакыт кетет. Мен кимдир бирөөлөргө “менин чыгармаларымды спектакль кылып койбогула же кино тартпагыла” – деп айтып же чыгармачылыгын тыя албайм. Ириде чыгармачылыкта эркиндик деген болушу керек. Бир гана жери, коюлган спектакль менен тартылган кинолордун жарыкка чыгышы мен мамлекеттик катчы болгон кезге туш болуп калды. Болгону эле ошол.
– Өлкөбүз эгемендикке жеткенден тарта дал ушул мамлекеттик катчылык кызматты аркалагандар тарабынан “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз”, “Элет өнүксө, эл өнүгөт”, “Тоолор жылы” деген сындуу жалындуу идеологиялар жарыяланып, башкы идеологдор канчалык бул жагынан “алтын шилекейлерин” чачыратышканы менен жыйынтыгы коомго “сиңбей”, кагазда калчы. Соңку убакта бул бийлик тарабынан сунушталган “Уңгу жол” доктринасына жандуу талкуу болуп, айрыкча илимий интеллигенция кызуу колдоп, коомдун калың катмары да кабардар болуп жаткандай. Бул жагынан кандай ой айта аласыз? Бир кездеги ураандар сымал бул идеология да элге “сиңбей” калбайбы?
– Президентибиз Садыр Нургожоевич “Улуттук дем – Дүйнөлүк бийиктик” – деген доктринага кол койду. Доктринанын аты эле айтып тургандай биздин улуттук дем, улуттук рух дүйнөлүк бийик алкакка чыгышы керек. Бул деген коомдук турмуштун бардык тармактарында, ошонун ичинде адабият, маданият, спортто жетишкендиктерди жараталы. Ошонун ичинде “Кыргыз ренессансы” – деп сөзүмдүн башында айткандай жаңы инсандарды, жаңы кумирлерди жаратып, киночулар, сүрөтчүлөр, архитекторлор, жазуучулар, балет бийчилери арасындагы жаңы элитаны, жаш толкундарды таптап чыгаруу. Эсиңерде болсо мындай катмардагылар XX кылымда чоң секирик менен чыгышкан. Келгиле, XXI кылымда дагы бир маданий чоң секирик жараталы.
– Кезегинде кыргыз искусствосун, кыргыз кереметин жаратышкан легендарлуу инсандар болушкан. Азыр сиздердин ошол көч уланса деген жакшы идеяңыздар бар экен. А бирок, китеп окубаган, жалаң эле убактысы интернетке корогон азыркыдай муун менен бир кездегидей кыргыз искусствосунун каймактарын чыгаруу же таптоо мүмкүнбү?
– Туура, интернет желеси, айрыкча, социалдык түйүндөр биздин элибизди гана эмес, бүгүн бүтүн дүйнөнү кооптондурган көйгөйгө айланып баратат. Европанын кээ бир өнүккөн өлкөлөрүндө 16 жашка чейин балдарды соцтармактарга кирүүгө тыюу сала башташты. Андай тажрыйбаны биз дагы колдонушубуз керек. Бизде жаш элитаны өстүрүүгө толук чыгармачылык дарамет бар. Соңку убакта сүрөтчүлөр, киночулар, спортчулар, актрисалар арасындагы идиректүү, үмүт жарата турган көптөгөн жаштарды көрүп, байкап жатам. Ошолорду таптап, жаңы деңгээлдерге чыгарганга эмнеге болбосун?
Калыгул Бейшекеев