Кубан Абас уулу, “Нарын өндүрүштүк ишканасынын” аткаруучу директору: “Мындай долбоорлор дүйнөлүк практикада өзгөчө орунду ээлейт”

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 84

Үч жыл мурун Нарын менен Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен төмөн карай жайгашкан бул аймак ээн талаа эле. Бүгүн болсо бул жерде жүздөгөн оор техникалардын үнү жаңырып, миңден ашуун адам күнү-түнү эмгектенип жатат. Жакынкы келечекте дал ушул жерде Кыргызстандын энергетикалык тарыхында өзгөчө орунду ээлей турган объект – 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСи ишке кирет.

Куланак ГЭСи – бул жөн гана электр энергиясын өндүрүүчү станция эмес. Ал Нарындын суусун кубатка айлантып, миңдеген гектар жерге жан киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган стратегиялык долбоор. Анын ишке кириши менен Кыргызстан жыл сайын 450 миллион киловатт-саат экологиялык таза электр энергиясын өндүрүп, ички керектөөнү камсыздоо менен бирге эл аралык милдеттенмелерин аткарууга дагы бир кадам жакындайт.

Бүгүнкү күндө «Нарын өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн келечегине салынган инвестиция болуп калды. Ишкананын аткаруучу директору Кубан Абас уулу менен болгон маектешүүбүздө ал дагы бул ГЭС энергетикалык гана эмес, аймак үчүн ирригациялык мааниси дагы чоң долбоор экенин белгиледи.

 — Кубан Абасович айтсаңыз, Куланак ГЭСинин тарыхый өзгөчөлүгү эмнеде?

— Биринчиден, бул Кыргызстандагы биринчи ирригациялык гидроэлектр-

станциясы. Экинчиден, ал бир эле учурда энергетика, айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүүгө багытталган. Мындай көп тармактуу таасир этүүчү долбоорлор дүйнөлүк практикада да өзгөчө орунду ээлейт.

ГЭС Нарын шаарынан 40 чакырым батыш тарапта, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 800 метр төмөн жайгашкан. Долбоордун жалпы кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, төрт гидроагрегаттан турат. Ар бир агрегат 25 мегаватт электр энергиясын өндүрөт.

— ГЭСтин курулушу кандай масштабда жүргүзүлүүдө?

— Курулуштун масштабы абдан чоң. Долбоор алты негизги гидротехникалык курулмадан турат. Алар: дамба, суу алуучу курулуш, бурма канал, оргутуучу бассейн, ГЭСтин имараты жана суу агып чыгуучу канал.

Плотинанын бийиктиги 27 метрди, узундугу 680 метрди түзөт. Ал эми суу алуучу жайдан башталган бурма каналдын узундугу 6,5 чакырымга жетет. Канал аркылуу келген суу оргутуучу бассейнге топтолуп, диаметри 3 метр 80 сантиметр болгон төрт басым түтүгү аркылуу гидроагрегаттарга жеткирилет.

Бүгүнкү күндө бетон плотинасынын курулушунун 90 пайызы аяктап, топурак дамбанын жарымынан көбү бүткөрүлүп, напордук бассейндин курулушу соңуна чыгып калды.

— Үч жыл ичинде бул аймакта кандай өзгөрүүлөр болду?

— Биз ишти баштаганда бул жерде эч кандай инфраструктура жок болчу. Алгач электр берүү линияларын тартып, көмөкчү подстанцияларды курдук. Андан кийин жолдор салынып, административдик-чарбалык корпус, өндүрүштүк жайлар жана жумушчулар үчүн жатаканалар курулду.

Азыр Куланак ГЭСинин аймагында бардык шарттары бар заманбап вахталык шаарча иштеп жатат. Анда кызматкерлер үчүн турак жай, ашкана, медициналык жана коммуналдык тейлөө кызматтары уюштурулган.

— Бүгүнкү күндө ГЭСти курууда канча адам эмгектенип жатат?

— Учурда курулуш иштерине миңден ашуун адам тартылган. Алардын арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген адистер, ошондой эле чет өлкөлүк инженерлер бар. Өзгөчө Нарын районунун тургундары көп иштеп жатышат.

Курулуш эки нөөмөт менен, күнү-түнү жүргүзүлөт. Кызматкерлер 20 күн иштеп, 10 күн эс алуу графиги менен эмгектенишет. Ири энергетикалык объекттерди курууда мындай тартип дүйнөлүк практикада кеңири колдонулат.

Долбоордо сапат маселесине кандай көңүл бурулууда?

— ГЭС сыяктуу стратегиялык объекттерде сапат эң башкы талап болуп саналат. Ар бир курулуш этабы лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Грунт катмар-катмар төшөлүп, анын тыгыздыгы текшерилет. Ошол эле тартип бетон иштерине да колдонулат.

Долбоорду ишке ашырууга тажрыйбалуу инженерлер тартылган. Ар бир аткарылган жумуш долбоордук чечимдерге жана техникалык талаптарга толук жооп бериши керек.

— Куланак ГЭСинин өлкөнүн энергетикалык системасындагы орду кандай болот?

— Куланак ГЭСи жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын өндүрөт. Бул өлкөнүн ички суроо-талабын камсыздоого олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары, ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергиясы Ак-Кыя аймагындагы 110 киловольттук подстанция аркылуу республикалык энергетикалык шакекчеге кошулат. Учурда бул үчүн 40 чакырымга жакын электр берүү линиялары курулуп жатат.

Долбоор ошондой эле CASA-1000 программасынын алкагында Пакистан жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтөт.

Куланак ГЭСи энергетикалык долбоордон сырткары ирригациялык долбоор катары да бааланууда?

— Анткени бул долбоор электр энергиясын өндүрүү менен гана чектелбейт. ГЭС менен катар мелиорациялык системалар дагы курулууда. Натыйжада сугат жерлеринин аянты 4650 гектардан 7205 гектарга чейин көбөйөт.

Башкача айтканда, 2555 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле иштеп жаткан насостук станцияны тейлөөгө кеткен жылдык 10 миллион сом бюджеттик каражат үнөмдөлөт.

— Бул долбоор аймактын келечегине кандай таасир берет?

— Куланак ГЭСинин экономикалык натыйжасы электр энергиясын өндүрүү менен эле чектелбейт. Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүп, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.

Эксперттер белгилегендей, мындай долбоорлор көп тараптуу, же болбосо мультипликативдүү натыйжа берет. Башкача айтканда, энергетикадагы бир долбоор курулуш, транспорт, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана инвестиция тартуу сыяктуу бир нече тармактын өнүгүшүнө түрткү болот.

Бүгүн ээн талаада түптөлүп жаткан бул ири долбоор эртең өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдеп, миңдеген адамдардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Убакыт өтүп, ГЭСтин турбиналары айлана баштаганда, Куланактын тарыхы жөн гана курулуштун тарыхы эмес, Кыргызстандын жаңы өнүгүү доорунун тарыхы катары эскерилери талашсыз.

Кенже Осмоналиева

 

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X