Кубатбек Маматов: Германиядагы башталган достук бүгүн да уланууда
– Кубатбек ага, быйыл Германиядагы Советтик Аскерлер Тобунда кызмат өтөгөндөрдүн жолугушуусу дагы бир жолу өттү. Алгач ошол жылдарга кайрылсак, сиздердин достук кандай шартта башталган эле?
— Биздин достук мындан дээрлик жарым кылым мурда, 1978–1980-жылдары Германиядагы Советтик Аскерлер Тобунун курамындагы 1-Танк Армиясынын 9-Танк дивизиясына караштуу 249-Мотоаткычтар полкунда башталган. Ошол кезде биз жаш жигиттер элек. Кыргызстан менен Казакстандан барган балдар бир бөлүктө кызмат өтөп калдык. Армияда улутка бөлүнүү деген жок эле. Баарыбыз бирдей форма кийип, бирдей тартипке баш ийип, бир максат менен кызмат өтөдүк. Күн сайын таңкы физикалык машыгуу, марштар, саясий даярдыктар, куралдарды тазалоо, күзөт кызматтары баарын чогуу аткарчубуз. Кээде бир нече айлап караул кызматында болчубуз. Айрымдарыбыз аскердик автоинспекцияда иштедик. Ошол жылдары бири-бирибизди жакындан таанып, чыныгы достук мамиле түзүлдү. Кыргыз менен казак жигиттери бир туугандардай болуп калдык.

— Армия адамды өзгөртөт деп көп айтылат. Сиздерге кандай таасир берди?
— Чындыгында армия чоң мектеп экен. Бизди эр жүрөктүүлүккө, чыдамкайлыкка, тартипке үйрөттү. Аскерде жүргөндө мекендин, ата-эненин, бир туугандардын кадырын жакшы түшүнөсүң. Жаш кезде көп нерсенин баркын билбей жүрө берет экенбиз. Эки жыл ичинде жоопкерчиликти, убакытты баалоону, тазалыкты, тактыкты үйрөндүк. Командирлердин тапшырмасын так аткарууга көндүк. Мунун баары кийин турмушта дагы жардамын тийгизди.
— Кызмат бүткөндөн кийин байланыш үзүлүп калган жокпу?
— Жок. 1980-жылдын 17-апрелинде Германиядан Москва аркылуу Кыргызстанга кайттык. Албетте, ар кимибиз өз турмушубуз менен кеттик. Үй-бүлө күттүк, иштедик. Бирок армиядагы достук үзүлгөн жок. Мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугушуп, кабарлашып турдук. Ал убакта азыркыдай интернет, уюлдук телефон жок болчу. Ошого карабай бири-бирибизди издеп таап, байланышып турдук. 1982-жылы Тараз шаарында жолугушканбыз. Ал кездеги кубанычыбызды сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Кечээ эле бир казармада жүргөн достор кайрадан жолуккандай болгонбуз.

— Сиз үчүн өзгөчө таасир калтырган жолугушуу жөнүндө айтып берсеңиз?
— 2022-жылдын январындагы жолугушуу өмүр бою эсимде калды. Уулум телефон чалып: «Ата, сизди бир киши сурап жатат, палчанымын деп жатат», — деди. Үйгө шашып келдим. Бир киши отуруптур. Алгач тааныбай калдым. Анткени кырк жылдан ашык убакыт өтүптүр да. Анан ал киши күлүп туруп: «Кубат, бул мен Эртаймын. Германияда бир полкто кызмат өтөгөнбүз», — деди.
Үнүнөн дароо тааныдым. Экөөбүз тең толкунданып кеттик. Кучакташып көрүштүк. Ошол учурда жаштык күндөр, Германиядагы кызмат, полктогу достор көз алдыма тартылды. Ошол күнү таң атканча сүйлөшкөндөй болдук. Командирлерибизди, полковниктерди эстедик. Ар кимдин кызыктуу окуяларын айтып отурдук. Убакыттын кандай өткөнүн дагы байкабай калыптырбыз.

— Ошондон кийин байланыш дагы күчөдү окшойт?
— Ооба. Эртай досум кийин апасынын кыркы болорун айтып чакырды. Уулум экөөбүз Казакстанга бардык. Ал жактан көп жылдан бери көрө элек Казакстандын ар кайсы шаарларынан келген мурдагы армияда бирге кызмат өтөгөн досторум менен жолуктум. Баарыбыз кайрадан бир үй-бүлөдөй болуп отурдук. Ошондо убакыт өткөнү менен достук өзгөрбөй турганына дагы бир жолу түшүндүм.
— Акыркы жылдары жолугушуулар көбөйгөн экен?
— Ооба. 2024-жылы биздин казакстандык достор Кыргызстанга келишти. Жубайлары менен келишип, бир нече күн бирге болдук. Биз аларды Манас Атанын күмбөзүнө алып бардык. Куран окудук. Манас бабабыздын тарыхы тууралуу айтып бердик. Бакай Атанын эстелигине бардык.
Ошондой эле кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу маектештик. Казак элинин залкар инсандары Чокан Валиханов, Мухтар Ауэзов жана Мухтар Шаханов жөнүндө дагы баарлаштык. Бул жолугушуу жөн гана мурдагы аскерлердин кездешүүсү эмес, эки элдин маданий байланышын чыңдаган иш-чара болду десем жаңылышпайм.
— Сиздер дагы Казакстанга барып келдиңиздерби?
— Албетте. Ошол эле жылы Жетисай районуна бардык. Сыр-Дарыянын үстүнөн өтүп, айыл чарба иштерин көрдүк. Пахта, күрүч, дарбыз, коон өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштык. Андан кийин Бес-Агаш айылында, Тараз шаарында, башка жерлерде болдук. Ар бир жерде казак туугандарыбыздын сый-урматын көрдүк. Алар дагы Кыргызстанга болгон урматын билдирип турушат. 2025-жылы дагы Акмола тарапка барып келдик. Мындай жолугушуулар биздин достукту мурдагыдан дагы бекемдеп жатат.

— Быйылкы жолугушуу кандай өттү?
— 2026-жылдын 9-июнунда Талас облусунун Манас районундагы Семетей айылында жолуктук. Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюп, анын эрдигин эскердик, андан соң кыргыз менен казактын улуу инсандары Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун достугу да эскерилип, эки элдин ынтымагы дагы бир жолу даңазаланды. Ошондой эле Айтматов районунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын арбагына куран окулуп, гүл коюлуп, салтанаттуу жыйында медалдар тапшырылып, эки элдин достугу баса белгиленди.
— Акыркы кезде ардагерлер бирикме түзгөнү тууралуу да маалымат айтылып жүрөт. Бул демилге кандай жаралды?
– Биз көп жылдан бери жолугушуп жүрөбүз. Бирок акыркы убакта бул ишти расмий деңгээлге чыгаруу зарылдыгы жаралды. Ошондуктан Германиядагы Советтик Аскерлер Тобунда кызмат өтөгөн ардагерлер биригип, Кыргыз Республикасында «Германиядагы Советтик Аскерлер Тобу» ардагерлеринин Талас облустук коомдук бирикмесин түздүк.
Эң башкысы бирикмебиз мамлекеттик каттоодон өттү. Бул биздин көп жылдан берки аракетибиздин жыйынтыгы болду.

— Бирикменин алдыдагы максаттары кандай?
— Биз жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого көңүл бурабыз. Мектептерге барып жолугушууларды өткөрүү, аскердик кызматтын кадыр-баркын көтөрүү, ардагерлердин ынтымагын сактоо — негизги максаттарыбыз. Ошондой эле кыргыз-казак достугун бекемдөө боюнча иштерди улантабыз. Биздин достук жеке адамдардын достугу эле эмес, эки элдин ынтымагына кошулган салым деп эсептейм.
— Маегибиздин соңунда жаштарга кандай каалоо айтат элеңиз?
— Достукту баалашсын. Элдин биримдигин сакташсын. Биздин достук Германияда, бөтөн жерде башталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Арадан 46 жыл өтсө дагы бири-бирибизди унуткан жокпуз. Бул жөнөкөй көрүнүш эмес. Бул адамдык мамиленин күчү. Кыргыз менен казак элинин достугу түбөлүк болсун. Биз баштаган ынтымакты кийинки муундар улантсын. Ошондо өлкөлөрүбүз дагы, элдерибиз дагы өнүгөт.
Чынайым Кутманалиева