Күчтүү мамлекет курууда атанын орду
Акыркы жылдары аялдардын укугун коргоо дүйнө коомчулугунун башкы ураандарынын бирине айланды. Албетте мындай көрүнүш адам укуктарынын мыйзам чегинде корголушунун талабы. Бирок аалам алкагындагы коомдук саясаттын тараза ташы бир жакка көбүрөөк ооп, эркектин укугу, жоопкерчилиги, анын коомдогу орду көңүл сыртында калып баратканы байкалат. Бул көрүнүш келечекте жаңы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ар бир коом өзүнүн эртеңки келечегин бүгүн тарбиялайт. Эгер бүгүн эркек балдарга жоопкерчиликти эмес – көз карандуулукту, чечкиндүүлүктү эмес – жалтактыкты, башкаруучулукту эмес – жетеленмелүүлүктү, лидерликти эмес – демилгесиздикти, эр-жүрөктүүлүктү эмес – коркоктукту, эмгекчилдикти эмес – жатып ичер жан бактылыкты, камкордукту эмес – аялдын этегине жашынып жашоону сиңирсек, анда эртең ким өлкөнүн жүгүн көтөрөт? Ким үй-бүлөгө тирек болот? Кыздарды, эже-карындаш, энелерди, жалпы аялзатын ким коргойт? Ким чек арага чеп болуп, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алат?!
Эч бир ата-эне өз кызынын өмүрлүк жары жетелеме, өз алдынча чечим кабыл ала албаган мажирөө эркек болушун каалабайт. Ошондой эле эч ким уулунун өз үй-бүлөсүндө жоопкерчиликти аялына жүктөп, өмүр бою өз алдынча кадам таштай албаган сөлдүр эркек болуп калышын тилебейт. Бүгүн “аял укугу!!!” – деп бир беткей маселе көтөрүп жаткандардын уул-кызы жокпу?! Алар уул үйлөнтүп, кыз узатып келиндүү, күйө балалуу болбойбу? Демек, нагыз эркектин кадырын көтөрүүдө – эркектин гана эмес, аялдын да, үй-бүлөнүн да, мамлекеттин да кызыкчылыгы бар. Эркектин укугу тебеленген коомдо коркунуч жаралат. Азыр дүйнөлүк алкакта аялдын укугун коргоо жөнүндө күн сайын олуттуу маселе көтөрүлүп жатат. Бул туура. Бирок эркектин психологиялык абалы, ата катары үй-бүлөдөгү орду, ролу, уул-кыздарды туура тарбиялоо, алардын жоопкерчилигин, ар-намысын калыптандыруу маселеси да талапка ылайык көтөрүлүп жатабы? Коомчулук мына ушул суроого калыс жооп берүүгө милдеттүү.
Эл арасында: “Карөзгөй жалаа доо болсо каралашар жакшың ким, кабыргаңды дарт чалса, садага чабар бакшың ким?” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Бул сөз адамдын башына оор күн түшкөндө ким жоопкерчилик алып, ким күйүп, ким тирек болорун эске салат. Капыстан мамлекеттин башына сыноо түшсө, табигый кырсык же тышкы душмандардан коркунуч жаралса, энелерди, үй-бүлөнү, эл-жерди, мекенди коргоо жоопкерчилиги кимдин мойнунда болот? Коом бул суроодон качып кутула албайт. Албетте, бүгүнкү жашоодо аялдар да ар кандай тармакта чоң ийгиликтерди жаратып, мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келишет. Бирок бул эркектин жоопкерчилигин азайтуу же анын коомдогу ордун, ролун көмүскөдө калтыруу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, акылдуу аял менен жоопкерчиликтүү эркек бири-бирин толуктаганда гана бекем үй-бүлө, күчтүү, туруктуу коом түзүлөт.
Кыргыз эли кылымдар бою уулдарын Манастай мекенчил, Чолпонбайдай эр жүрөк, Дүйшөнкулдай тайманбас кылып тарбиялоону идеал тутуп келген. Алардын күчү куралында эмес, өз мекенине берилгендигинде, намысы менен эл алдындагы жоопкерчилигинде болгон. Дал ушул сапаттар бүгүн да өз баалуулугун жогото элек. Чыныгы эр-жүрөк, мекенчил, баатыр уулдар аялын, үй-бүлөсүн эч убакта кордобойт. Укук менен жоопкерчилик бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр. Биринин укугун коргоп, экинчисинин жоопкерчилигин алсыраткан коом акырында экөөнөн тең куру жалак калат. Ошондуктан гендердик теңчилик – аялды эркекке, каршы коюу эмес, экөөнүн тең кадыр-баркын, укугун, коом алдындагы жоопкерчилигин тең салмакта өз орду менен өнүктүрүү. Ошондо гана биз эртеңки муунга күчтүү мамлекетти, бекем үй-бүлөнү жана намыстуу жарандарды мурас калтыра алабыз. Балдарды атага каршы коюу чоң жаңылыштык. Ата менен балдарын ортосундагы тирешүүдө тарыхта жеңген тарап болгон эмес. Кимиси жеңбесин, эки тарап тең утулган.
Биз анчейин маани бербей келе жаткан “КОН” деген термин бар. “CON” деген эмне? CONA – жамаат, үй-бүлө, уруу, тукум, бирдиктүү тутумдун жыйындысы катары, элдер бир жалпы эрежелерге баш ийип, “Канонам”, “Кононам” ушул КОНдун ичинде гана иш алып баруу. Бир сөз менен айтканда Кудайдын чийими. КОНдон тышкары эрежелери – “ZAKON” Кондун артында, кондун чек арасынын сыртына чыгуу. Кудайдын чийиминен чыгуу. KONON – эрежелер топтому. Сөзмө-сөз айтканда, Байыркы Грек жана Латын тилдеринде “Cоnon” – эреже, норма. Славян жана индоевропалык тилдердин этимологиясын изилдеген адистер бул сөздүн келип чыгышын ар кандай альтернативдүү псевдоэтимологиялык концепция катары, так консенсуска келбегенин түшүндүрүп келет. Ошондуктан “КОН” түшүнүгүн биринчи кезекте тарыхый-лингвистикалык далилденген факт катары эмес, коомдун ички тартибин, абийир мыйзамын түшүндүрүүгө колдонулган философиялык концепция катары кабыл алуубуз шарт.
Дүйнөлүк алкакта мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынып, иштеп жаткан мыйзамдар жөнүндө баарыбыз жакшы билебиз. Бирок анын бардыгы үй-бүлөлүк турмушта толук колдонулбайт. ЗАКОН адамдар жана алар жашаган коомдогу мамлекеттер аралык, ошондой эле мамлекет менен жарандардын өз ара аракеттенүү ченемдик, укуктук актыларын ырааттуу түрдө орнотуп берген курал. Адам жасай турган, жасаганга тыюу салган конкреттүү аракеттердин аныктамасы. Кыскартып айтканда, үй-бүлөлүк мамилелерде адамзат мамлекеттик мыйзамдарга (күбөлүк, зарыл болгон документтерди алуудан башка) көп деле кайрылбайт. Үй-бүлөлүк мамилелерди табийгый белгиленген ички КОНОНдорго ылайык жөнгө салууну ылайык көрөт. Бул нерсе адам жашоосунда кылымдар бою өзүнүн күчүн жоготпогону бекер жерден эмес. Анткени КОНОНдор ЗАКОНго караганда адам табиятына жакын. Ал адамзат жаралгандан бүгүнкү күнгө чейин жазылбаган каада-салт алкагында, канга сиңген инстинкт катары жүргүзүлүп келе жатат.
Кыргыздар эзелтен бери ата-бабанын жолун (санжыра, уруулук, улуттук түзүлүш), патриархалдык коомду тутунуп турмуш кечирип келет. Жашоо-тиричиликтеги орчундуу маселелерди эркектер үй-бүлөсү, тууган-уругу, жамааты менен акылдашып чечкен. Аял затына тиешелүү маселелерди зарыл болгон шартта өз алдынча чечүүнү акылман байбичелер да колго алганы Каныкей, Айчүрөк, Курманжан даткалардын мисалында бизге маалым. Дүйнө элдери сыяктуу Кыргызстанда да үй-бүлө институтуна байланышкан талкуулар күндүн темасына айланып, күн өткөн сайын күчөп баратат. Аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, гендердик теңчилик, балдардын кызыкчылыгын камсыз кылуу сыяктуу маселелер мамлекеттик саясаттын да, коомдук пикирдин да маанилүү бөлүгүнө айланды. Албетте бул ааламдашуу доорунда мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ушул өзгөрүүлөрдүн көлөкөсүндө коом көз жаздымда калтырып келаткан бир олуттуу маселе – аталык институтунун аянычтуу абалы. Бүгүнкү күндө биз аялдардын укугу жөнүндө түрдүү маселе көтөрүп, бирок атанын үй-бүлөдөгү орду, эркектин жоопкерчилиги, уул-кыздарыбыздын тарбиясы, аталык маданияттын бийиктиги жөнүндө жетиштүү ой жүгүртпөй калган жокпузбу? – деген суроо жоопсуз калууда.
Бул суроону көтөрүү аялдардын укугун жокко чыгаруу эмес. Тескерисинче, мыкты үй-бүлөнүн тиреп турган кош түркүгүнүн бирдей бекемдигин, атанын коомдогу ордун, жоопкерчилигин, ата үй-бүлөдөгү бийликтин эмес, жоопкерчиликтин символу экенин келечек муунга аныктап берүү. Кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган дүйнөтаанымында ата эч качан жөн гана үйдүн башчысы болгон эмес. Ал эң оболу үй-бүлөнүн коопсуздугу, оор жүктү тиреп турган түркүгү, ар кандай жамандыктан тосуп турган коргону, белен ырыскысы, темирдей тартиби анан да уул-кыздарынын келечеги үчүн керт башы менен жооп берген эр-жүрөк – баатыр инсан катары бааланган.
Эл ичинде “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн”, “атанын уулу болуу аздык кылат, элдин уулу бол!..” деген сөздөр бекеринен айтылган эмес. Бул накыл сөздөрдүн өзөгүндө бийлик эмес, жоопкерчилик турат. Ошол эле учурда кыргыз салтында эненин орду өзгөчө бийик болгон. “Ата – аска зоо, эне андан агып турган булак”, “Бейиш – эненин таманынын алдында” деген түшүнүк энени ыйык туткан эң бийик элдик философиялык көрүнүш. Демек, кыргыз улуттук маданияты аял менен эркекти бири-бирине карама-каршы койгон эмес. Тескерисинче, аларды бири-бирин толуктап турган эриш-аркак, ажыратылгыс бир бүтүн дүйнө катары караган. Ошондуктан бүгүнкү турмушта “ким жогору турат?” деген суроодон мурда “ким өзүнүн жоопкерчилигин толук аткарып жатат?” деген суроону көтөрүү маанилүүрөөк.
Кыргызстан үчүн үй-бүлө институтундагы дагы бир өзгөчө жагдай, эгемендүүлүк жылдарындагы эмгек миграциясы болду. Үй-бүлөсүн багуу үчүн чет мамлекеттерде иштеп, балдарына акча каражат таап салып, үй-бүлөсүн камсыздап жаткан миңдеген аталар балдары, жубайы менен күн сайын баарлашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келатат. Бул алардын күнөөсү эмес. Бирок мындай көрүнүш аталык институттун алсырашына алып келүүдө. Кээде коомдук талкууларда эркектин кадырын сактоо жөнүндө сөз болгондо, аны аялдын укугун чектөө катары кабыл алышат. Бул жаңылыш түшүнүк. Эркектин кадыры деген үстөмдүк кылуу укугу эмес, тескерисинче жоопкерчиликти мойнуна алуу жөндөмү. Эркек өзүнүн кадырын аялын басынтып, кордоо менен эмес, үй-бүлөсүнө тирек болуусу, балдарына үлгү көрсөтүүсү, эмгекчилдиги, ак эмгек менен ырыскы табуусу, сөзүнө бекемдиги, адилеттүүлүгү, анан да табышкер, берешен, марттыгы, эр-жүрөк, баатырдыгы менен көтөрүп келген. Эркекке андай мүмкүнчүлүктү акылдуу аял түзүп берген.
Кыргыз эли “ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат”, “Куш уяда эмнени көрсө учканда ошону алат…” дейт. Бул накыл сөз кесип жөнүндө эмес, үлгү жөнүндө. Бала биринчи кезекте ата-энесинин жүрүм-турумун көрүп чоңоёт. Балдар жоопкерчиликти, эмгекти, адамдарга болгон мамилени, кыйынчылыкты кантип жеңүүнү, эрктүүлүктү, эр жүрөктүүлүктү алардын жашоосунан үйрөнөт. Ошондуктан уул баланы тарбиялоо – эркекти гана эмес, келечектеги элге күйгөн, мекенин коргогон баатырды, үй-бүлөгө камбыл, камкор, мээримдүү атаны тарбиялоо деген сөз. Ал эми кызды тарбиялоо – келечектеги энени гана эмес, келечектеги үй-бүлөнүн, коомдун маданиятын тарбиялоо деген сөз. Мекенди сүйүү ыймандан. Үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылган эркек коом алдындагы жоопкерчилигин сөзсүз баарынан жогору коёт. Нагыз эркек эч убакта үй-бүлөсүн кордобойт. “Ата баркы менен кыз өтөт” деген кыргыз. Ата барктуу болсо анын аялды да, балдары да кадыр-барктуу болуп, эл эсептешет.
Бүгүн кыргыз коомчулугуна аял менен эркекти бири-бирине каршы койгон талкуулардан көрө, үй-бүлөнүн эки түркүгүн тең бекемдөөгө багытталган адилет саясат керек. Бизге жоопкерчиликтүү аталык маданиятты өнүктүрүү зарыл. Жаш жубайларга үй-бүлөлүк психология боюнча улуттук иденттүүлүккө негизделген билим берүү кажет. Ошондо келечек муундарыбызга өз элинин маданий кодун сактап, ошол эле учурда заманбап дүйнөгө аралашуусуна шарт түзөбүз. Ажырашууга жол бербөө, такыр аргасыз болуп ажырашса, андан кийин баланы тарбиялап өстүрүүнү биринчи орунга койгон адилеттүү механизмдерди иштеп чыгуу зарыл. Мектептерде үй-бүлөлүк баалуулуктар менен ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу улуттук каада-салтка таянган тарбиялык сааттарды үзгүлтүксүз өтүү керек.
Үй-бүлөнүн келечеги аял менен эркектин тирешүүсүндө эмес, алардын өз ара урматында жатат. Эгер эркек өзүнүн жоопкерчилигин унутса, үй-бүлө алсырайт. Эгер эркектин кадыры тебеленсе, анда үй-бүлө да кошо тебеленет. Демек, күчтүү мамлекет үчүн күчтүү эркек менен күчтүү аял гана жетишсиз. Күчтүү мамлекет үчүн бири-бирин урматтаган, мыйзамды сыйлаган, жоопкерчиликти урмат-сый менен бөлүшкөн ынтымактуу, күчтүү үй-бүлөлөр зарыл. Кыргыз эли “ата – тирек, эне – кут” деп бекеринен айткан эмес. Бул эки түшүнүктүн ортосундагы тең салмак бузулбаган жерде гана уулдарыбыз намыстуу, кыздарыбыз ыймандуу, ал эми мамлекетибиз күчтүү болот. Бүгүнкү күндө эң маанилүү суроо – эркек менен аялдын кимисинин орду жогору экенинде эмес. Эң маанилүү суроо – экөө тең өзүнүн инсандык, үй-бүлөлүк, ата-энелик жана жарандык жоопкерчилигин канчалык деңгээлде аткарып жатат? Мына ушул жогорудагы суроолоргого өз орду менен жооп таба алган улут өзүнүн келечегин ишенимдүү кура алат.
Бахпурбек Аленов