Күйүүчү майдын көйгөйү – өкмөт туруктуулукту камсыздоону ишке ашырууда
Күйүүчү май боюнча Дүйнөлүк энергетика рыногундагы соңку өзгөрүүлөр геосаясий чыңалууну, логистикалык көйгөйлөрдү жана мунайды кайра иштетүүчү ишканалардагы кыйынчылыктарды жаратып, көптөгөн өлкөлөрдө күйүүчү май рыногунун туруксуздугуна алып келүүдө.
Бул көрүнүш Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатат. Өлкө жылына орточо 1,5 миллион тонна күйүүчү май керектейт, анын 90–95 пайызы Орусиядан импорттолот. Ошондуктан, өнөктөш өлкөдөгү жеткирүү маселелери ички рынокко да таасир берүүдө. Мындай шартта Өкмөт абалды көзөмөлгө алып, алдын алуу чараларын күчөттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында тиешелүү мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен туруктуу жыйындар өткөрүлүп, күйүүчү майдын запастары, жеткирүүлөрү жана ички рыноктогу абал күн сайын көзөмөлдөнүүдө.
Баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн өкмөт 25-майдан 30-сентябрга чейин күйүүчү май ташыган жана саткан компанияларга убактылуу субсидия берүү чечимин кабыл алып, чекене бааларга күн сайын мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө. Ошону менен катар ата мекендик мунай өндүрүшүн жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Өкмөт Жалал-Абад облусундагы “Кыргызнефтегаз” жана “Кыргыз Петролеум Компани” ишканаларына ички рынокту үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча кошумча тапшырмаларды берди. Бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” 14 чет элдик инвестициялык компания менен кызматташып, жаңы скважиналарды бургулоо жана өндүрүштү кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми жалпы баасы 409,9 миллион долларды түзгөн “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоо долбоору күйүүчү майдын сапатын жогорулатып, ички рынокту камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Мындан тышкары, Өкмөт Кара-Балтадагы “Жунда” заводунун өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу милдетин койду. Учурда айына 24 миң тонна бензин өндүргөн ишкана жыл соңуна чейин бул көрсөткүчтү 50 миң тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгын акырындык менен азайтууга багытталган. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке ишканалардын кызматташуусу күчөтүлүп, чийки затты туруктуу жеткирүү жана өндүрүлгөн күйүүчү майды ички рынокко багыттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан өкмөт дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөргө карабастан, күйүүчү май рыногундагы туруктуулукту сактоо, баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат.

Мирлан Жээнчороев, ЖКнын депутаты:
– Өкмөттүн акыркы аракеттери абдан жакшы. Бул демилгелерди толугу менен колдоого алууга болот. Биз сырттан чийки мунай затын алып келип, аны өлкө ичинде кайра иштетүү маселесин чечишибиз керек. Президент акыркы жылдары коңшу жана өнөктөш мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүп жатат. Алардын арасында мунайга бай Азербайжан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр бар. Дал ушул мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурдагы кырдаалды жөнгө салууда бул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланышыбыз зарыл. Россия менен түзүлгөн келишимге ылайык, жаңылышпасам, Кыргызстанга жыл сайын 1,2 миллион тоннага чейин пошлинасыз күйүүчү-майлоочу майларды (ГСМ) жеткирүү каралган. Бирок, биз ошол көлөмгө гана көз каранды болуп, башка өлкөлөрдөн алып келүүгө чектелип калганбыз. Азыркы шартта, башка мамлекеттер менен да күйүүчү май боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат.
Мисалы, Азербайжандын SOCAR компаниясы менен сүйлөшүп, алар чийки мунайды өздөрү ташып келип, Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш ачып, андан кийин ички рынокко күйүүчү май сатса, бул биринчи кезекте баанын арзандашына өбөлгө түзөт. Экинчиден, камсыздоо булактары диверсификацияланып, башкача айтканда, рыноктогу тобокелчиликтер кыйла азаят.
Азыр Россиянын өзү да Кытай жана Казакстан аркылуу күйүүчү май алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, биз дагы коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, пошлиналык жеңилдиктердин негизинде даяр күйүүчү май импорттоого аракет кылышыбыз керек. Бул жагынан Азербайжан менен Түркмөнстан эң ылайыктуу өнөктөштөр болушу мүмкүн. Анткени, бул мамлекеттер менен биздин мамилебиз бүгүнкү күндө жогорку деңгээлде. Мындай кадамдардын натыйжасында ички рынок 2–3 айдын ичинде турукташып, абал калыбына келе баштайт.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясий илимдеринин кандидаты, доцент:
– Өкмөт өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май боюнча жаралган кырдаалды жөнгө салуу үчүн ыкчам жана системалуу иштерди жүргүзүп жатат. Айрыкча, өлкө ичиндеги өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу максатында “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводу менен “Кыргызнефтегаз” ишканасынын потенциалын ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан күйүүчү майдын негизги бөлүгүн Россиядан импорттоп келет. Россия өз аймагындагы рынокту камсыздоо максатында экспортко убактылуу чектөөлөрдү киргизген учурда, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө белгилүү деңгээлде таасирин тийгизет. Мындай шартта Өкмөт бир гана булакка көз каранды болбой, күйүүчү майды альтернативдүү багыттар аркылуу камсыз кылуу боюнча алдын ала иштерди жүргүзүп жатканы маанилүү. Мындан тышкары, дүйнөлүк тенденцияларды да эске алуу зарыл. Акыркы үч-төрт жыл ичинде электр кыймылдаткычы менен жүргөн унааларга болгон кызыгуу кыйла өстү. Кыргызстанда да экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү, заряддоо инфраструктурасын кеңейтүү жана энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу келечектеги энергетикалык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Эң негизгиси, бүгүнкү кырдаалда Өкмөттүн ГСМ рыногундагы туруктуулукту сактоо, жаңы жеткирүү багыттарын издөө, ички өндүрүштү күчөтүү жана энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин колдоо зарыл. Бул иштер өз убагында жана ырааттуу ишке ашырылса, өлкө күйүүчү май рыногундагы мүмкүн болгон тобокелчиликтерди ийгиликтүү жеңип өтө алат.
Күнболот Момоконов