Кулубаев Астанада жасалма интеллекттин коопсуздугун талкуулайт

6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 6-ноябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча саммитке катышат.

ТИМдин маалыматына ылайык, жыйын «Акаба процесси» алкагында уюштурулуп, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Иорданиянын королу Абдалла II тарабынан демилгеленген.

Саммитте жасалма интеллектти өнүктүрүү жана колдонууга байланышкан эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланат.

Айрыкча жасалма интеллектти террордук жана экстремисттик максаттарда колдонуу коркунучтарына каршы күрөшүү, ошондой эле бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине көңүл бурулат.

6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X