Кулубаев Ганада тышкы иштер министри менен тарыхый саясий консультацияларды өткөрдү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Ганада тышкы иштер жана аймактык интеграция министри Самюэль Окудзето Аблаква менен саясий консультацияларды өткөрдү.
Бул жолугушуу Кыргызстандын Гана менен дипломатиялык мамилелеринин тарыхында алгачкы саясий консультация болуп калды. Ошондой эле африкалык мамлекет менен мындай форматтагы сүйлөшүүлөр биринчи жолу тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өттү.
Тараптар адегенде тар курамда жолугуп, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгынын негизги багыттарын белгилешти. Мындан тышкары, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Гана саясий диалогду тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарды карашты. Алдыдагы эки тараптуу сапарлардын графиги да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүүгө багытталган документтер пакетине кол коюшту.
Кулубаевдин Ганага сапары жооп иретиндеги расмий сапар алкагында өттү.