Кулубаев Казакстандын элчиси менен чек ара маселесин талкуулады
2026-жылдын 19-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык багыттарда өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу, аларды модернизациялоо жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инвестициялык жана соода долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
Жээнбек Кулубаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында аткаруу маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда министр Абылкаир Скаковду Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.