Кулубаев ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Кечээ Нью-Йоркдо  Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусуна катышты.

Салтка айланган жолугушууда уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу багыттары талкууланды. Тараптар БУУнун Уставында белгиленген максаттар менен принциптерди ишке ашыруунун алкагында пикир алышты.

Министрлер жамааттык коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаңы чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу жана аймактагы тынчтык менен туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маселелерине көңүл бурушту.

Ошондой эле ЖККУнун БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташуусун жана иш-аракеттерди координациялоону күчөтүүнүн мааниси белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын 11-ноябрында Москвада өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү маселеси да талкууланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X