Кумарбек Байдылдаев Башкы прокурордун орун басары – Аскер прокурору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Байдылдаев Кумарбек Курманбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп дайындалды.