"Эркин-Тоо"

Кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып, долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш беришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорун колдогон депутаттарды сындап чыгып «Биринчиден аппараттын күнөөсү бар. Себеби мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин ошол күнү регламент бузулуп, добуш берүү саатында долбоор добуш берүүгө кирбей калган. Ошондуктан үч жума өткөрүп, ушул күнгө алып келген жолубузду оңдоп койсок болот. Добуш берүү ар бириңиздердин укугуңуздар. Азыркы добуш берүү 6-чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү болуп калат. Эртең элдин арасына барып жүзүбүздү көрсөтө билели. Ошондуктан бул мыйзамды кайра добушка коюп коюңуз«, — деген сунушун киргизди.

Эл өкүлдөрүнүн айрымдары да сунушту колдоого алышып, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюуну регламентке таянып, добуш берүүгө койду, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок. Ошентип, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!