“Кумтөр” үзүрүн бере баштады
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 302 алтын жана алтын аралаш кен чыккан жерлер бар. Буга темир, жез, калай, күмүш, алюминий, сымап, сурьма, кобальт, вольфрам сыяктуу кендерди кошкондо алардын саны 3ү2ге жетет. Көмүрдүн да ири кору орун алган. Бүгүнкү күндө “Кумтөр” жана “Жерүй” алтын кендеринен мамлекеттик казынага ири киреше түшө баштады. Ошондуктан, тоо-кен тармагындагы жалпы абал, лицензияларды берүүдөгү коррупция маселеси, көмүр өндүрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшенбек Камчыбековго бир нече суроолор менен кайрылдык.
Дүйшенбек Кыргызбаевич, өнөр жай тармагын алдыга тарткан, мамлекеттик бюджетке ири киреше берген “Кумтөр” баштаган тоо-кен тармагынын өлкөбүздүн экономикасынын жогорулашына кошкон салымы жана алар менен сиздердин уюм кандай иштешип жаткандыгы тууралуу маалымат берип кетсеңиз?
Биздин бирикме тоо-кендерин иштетүү тармагында иш жүргүзгөн ишканаларга көзөмөл жүргүзүү, сунуш, кеңеш берүү иштери менен алектенет. Тоо-кен тармагынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолсок, 2021-жылы бир топ жылыштар болду. Мисалы, 2020-жылы тоо-кен тармагынан мамлекеттик бюджетке 1ү,2 миллиард сом акча каражат түшкөн болсо, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 23 миллиард сомго жогорулаган (дээрлик 5 миллиард сомго чейин өсүү болду). Мында “Кумтөр”, “Жерүй” жана башка алтын өндүргөн компаниялардын кошкон салымы зор. Ошондой эле көмүр казган ишканалар да мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошушту. Жогоруда айтылган каражаттан сырткары, жергиликтүү элге да социалдык пакеттин негизинде ар кандай жардамдар көрсөтүлдү.
“Кумтөргө” сырткы башкаруу киргизилип, өзүбүздүн адистер толугу менен иштете баштагандан бери кандай өзгөрүүлөр болду?
“Кумтөргө” сырткы башкаруу 2021-жылдын 17-майында кирген. Ага чейин “Центерра Голд” компаниясы 4,2 тонна алтын өндүргөн болчу. Учурдагы “Кумтөр Голд” компаниясынын жетекчилиги тараткан маалымат боюнча алар 2021-жылды 14 тонна 561 кг алтын казып алуу менен жыйынтыкташкан. Бул жыл башындагы “Центерра” кабыл алган пландан 60 килограммга аз болуп калды. Бирок, муну биз жакшы көрсөткүч деп бааладык.
Анткени, Кыргыз Республикасы “Кумтөргө” сырткы башкаруу киргизген кезде “Центерра” бут тосуп, алтын кенди иштеткен “Кумтөр Голд Компани” (КГК) менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” (КОК) ишканаларын “банкрот болду” деп жарыялайбыз дешкен. Кыргыз Республикасын Нью-Йорк шаарындагы, ошондой эле Лондондогу эл аралык сотко беришти. Тетиктерди алып келүү иштерин үзгүлтүккө учуратышты. Ушул жана башка тоскоолдуктардын натыйжасында, “Кумтөрдөгү” иш таптакыр токтоп калышы мүмкүн болчу. Бирок, ошол жерде иштеп жаткан биздин адистер өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, кыйынчылыктан чыгып кете алышты. Болгондо да жакшы жыйынтык беришти. Маселен, “Центерра” компаниясы 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын бюджетине ү,9 миллиард сом беребиз деп пландаштырган болсо, өзүбүз иштеткен мезгилден бери жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 13,6 миллиард сомго өстү.
Биз бүгүнкү күндө сот иштеринин жыйынтыгы өлкөбүздүн пайдасына чечилишин күтүп жатабыз. Буга чейин “Кумтөр” кенинин айланасында бир топ геологиялык чалгындоолор жүргүзүлгөн. Ошонун жыйынтык маалыматтарын “Центерра” бербей жатат. Ал чалгындоолорго “Кумтөрдүн” миллиондогон доллар акчасы сарпталган. Бул маалыматтарды сүйлөшүү жолу менен алышыбыз керек. Себеби, биз “Кумтөр” алтын кенин 2031-жылга чейин иштетели деген ниетибиз бар. Биздин адистердин сунушу боюнча кенди жер алды менен казып алуу жолуна өтүп, экологиялык эрежелерди так сактасак, анда “Кумтөрдөн” дагы көп жыл алтын өндүрүүгө болот.
Коомчулукта кендерди иштетүүгө лицензия берүүдө коррупциялык көрүнүштөр орун алган деп айтылып келет. Ушул маселеге да токтоло кетсеңиз?
Акыркы маалыматтарга таянсак, кендерди иштетүүгө 2,5 миң лицензия берилген. Буга алтын баш болгон түстүү металлдар, көмүр, мунай жана курулуш материалдары боюнча кендер кирет. Бүгүнкү күндө берилген лицензиялардын максаттуулугу (келишим боюнча) 60-70 пайызга так, мыйзамдын негизинде иштеп жатат десем жаңылышпайм. Ал эми кээ бир компаниялар (көбү өзүбүздүн жарандар жана ишкерлер) лицензияны алышканы менен эч бир жумуш жасабай, убакытты гана өткөрүп жүрүшөт. Булардын максаты – эптеп эле чет өлкөлөрдөн инвестор таап, лицензияны кымбат баага сатып жиберүү (кыйласы сатылып дагы кетти). Демек, мындай адамдар лицензияны “өң тааныш” аркылуу коррупциялык жол менен алган. Азыр ушундай көрүнүшкө чекит коюш керек. Тиешелүү мамлекеттик укук коргоо органдары андайларды тергеп, иликтеп таап чыкса болот.
Эми көмүр маселесине өтсөк. Союз мезгилинде Кыргыз ССРи “Орто Азиянын кочегары” деген атка конгон. Себеби, биздин өлкө көмүр өндүрүү боюнча Орто Азияда биринчи орунда турган. Азыр көмүр өндүрүү маселеси кандай жүрүп жатат? Көмүр өндүрүүнү мамлекет өз колуна алса болбойбу?
Туура айтасыз. Биздин республика ал учурда 3-4 миллион тонна көмүр өндүргөн жогорку чекке жеткен. Ири көмүр кендери Кыргыз Республикасынын түндүк-түштүк регионунда кеңири жайгашкан. Бизде көмүрдүн түрлөрүнүн баары бар (кара көмүр, күрөң көмүр ж.б.). Азыркы мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ААК ишканасы “Кара-Кече” көмүр кенинин базасында түзүлгөн. Бирок, бул ишкананын түндүк регионунун калкын көмүр менен толук камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү, шарты да жок болууда. Биз Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин атынан Министрлер Кабинетине Кыргызстандын жалпы аймагын камтыган бир ачык акционердик коом (ААК) же холдинг компания түзүш керек деген сунуш менен кайрылганбыз. Анткени, түндүк жергесиндеги жана түштүктөгү Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Сүлүктү, Чоң-Алайда көмүр казып жаткан ишканалардын башын бириктирүү зарыл. Анан мамлекет тарабынан өнүктүрүү программасы иштелип чыкса, максатка ылайыктуу болот эле. Ошол программада бир жылда мамлекеттик мекемелерге, элге канча көмүр керек, канча жаңы техникаларды сатып алуу зарыл, көмүрдү ташуу жагын кайсыл мекемелер өз мойнуна алат деген сыяктуу бардык маселелер так көрсөтүлүүгө тийиш.
Республикабыздын аймагында алтын, көмүрдөн башка деле кендер бар да. Элибиз ошолордун пайдасын качан көрөт?
Биздин өлкөдө кендердин түрлөрү көп. Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмеси 2009-жылы бул багытта чоң анализ жана болжолдуу экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзгөн. Ошондо биз кендин 20 түрүн алганбыз. Мисалы, алтын, күмүш, темир, жез, калай, вольфрам, алюминий, сурьма, сымап, көмүр, мунай, курулуш материалдары жана башка кен байлыктардын корун алып, ошол убактагы рынок баасы менен эсептегенде ү3 миллиард доллар таза киреше (бардык чыгашадан сырткары) түшөөрү болжолдонгон. Ошондуктан, азыр биздин мамлекетке алдыдагы 5 жылдыкка жана келечектеги 15-20 жылга карата тоо-кен тармагын кандай өнүктүрөбүз деген чоң программа керек. Анда реалдуу эсептелген бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз камтылууга тийиш. Биз бул багытта бирикме тарабынан иштелип чыккан программабыздын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бергенбиз. Азыркы кезде ошого карата иштер башталса, жардам бергенге даярбыз. Бизде билимдүү, такшалган адистер, көрүнүктүү тоо-кен геологдору, инженерлер жана Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө белгилүү окумуштууларыбыз жетиштүү. Баарыбыз биргеликте конкреттүү программаны иштеп чыгып, анан жумушту ырааттуу баштасак, сөзсүз ийгиликтер жаралат.
“Кыргызалтын” ААК мамлекеттик ишканасы тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?
“Кыргызалтынды” өзүнчө мекеме катары мындан дагы өнүктүрүп, ишмердүүлүгүн бекемдеш керек. Анын “Кумтөрдө” 26%, Кеминдеги “Талды-Булак Сол жээк” алтын кенинде 40%, “Макмалда” 30%, “Терек-Сайда” 25% үлүшү бар. “Кыргызалтындын” отчёту боюнча 2020-жылы 1,2 миллиард сом таза киреше менен чыкса, 2021-жылдын жыйынтыгы менен 3 миллиард сомдон ашык кирешеге ээ болушту. Мындай мамлекеттик мекемени колдоо зарыл. Бул ишканага дагы кошумча Ысык-Көл облусундагы “Тоголок” алтын кенин, Талас жана башка облустарда иштетиле элек кендерди кошуп берген оң болот. Ошондо мамлекеттик “Кыргызалтын” ААК мындан дагы көп ийгиликтерди жаратат. Алар чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартат жана өз каражаттары менен да кээ бир алтын кендерин иштетет.
Учурда Кыргыз Республикасына “Кыргызалтындын” базасында өлкөбүздөгү башка алтын кендерин да иштете турган ири тоо-кен өнөр жай тармагын түзүп алууга жакшы шарт жаралууда.
Азизбек ЧАМАШЕВ