Кумтөр кыргыз эли үчүн иштеши керек

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 33

Президент Садыр Жапаров 7-февралда жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу кеңири маалымат берди. 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болгон.

Заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары да айтылды. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алына баштайт. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда. Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Андан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда. Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот.

Алмаз Барыктабасов “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүүчү дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек болгон эң ири алтын казуучу ишкана экенин, ошого жараша компаниянын жетекчилигинен натыйжалуу жана рационалдуу башкаруу талап кылынарын баса белгиледи. Ошону менен катар “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурду.

«Эркин-Тоо» пресс
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X