«Кумтөрдүн» кирешеси 1,4 млрд доллардан ашты
«Кумтөр» ишканасы 2025-жылы 1,4 млрд доллардан ашык киреше тапкан. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жылдык отчётунда айтылды.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы ишканада 12 миң 81 килограмм алтын казылып алынган. Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн доллардан ашты.
Ал эми бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн доллар которулган.