Кумтөр: Беш жылдагы беш ири чечим

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 103

“Кумтөр Голд Компани” мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери беш жылдан ашык убакыт ичинде ишкананын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган бир катар стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынды. Эмесе, төмөндө алардын ичинен эң маанилүү 5 чечимди тизмектеп берели. 5 жылда 5 чечим. Эки 5. Албетте, мындай символикалык сандар да жөн жерден жаралбаса керек…

1997-жылдан 2021-жылга чейин Кумтөрдөн чет элдиктердин башкаруусунда турган мезгилде 410 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Бирок ошол жылдары өлкө үлүштүк киреше катары болгону 101 миллион доллар алган. Ал эми мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки 5 жылда ишкананын жалпы кирешеси 6 миллиард 128 миллион долларды түзүп, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 миллиард 454 миллион долларга жетти. Үлүштүк киреше катары Кыргызстан 741 миллион доллар алды. Бул мурдагы чейрек кылымда алынган үлүштүк кирешеден жети эсеге көп.

Кумтөр ишканасынын негизги логистикалык түйүнү болгон — Балыкчы өткөөл базасы акыркы 2 жыл ичинде, тагыраагы, 2025-2026-жылдары таанылгыс болуп өзгөрдү. Аянты дээрлик 2 эсеге кеңейип, учурда ал жерде 2 кабаттуу заманбап, жаңы кеңсе курулууда. Дүйнөдөгү геосаясий абалды эске алып, кыска мөөнөттүн ичинде Кумтөр кен жайын күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мунай кампалары 9 резервуардан 19 резервуарга көбөйтүлдү. Май сактоонун көлөмү мурун 12000 м³ болсо, азыр 32 000 метр кубдан ашты. Күйүүчү майдын стратегиялык запасын көбөйтүү — ар кандай ички жана тышкы тобокелдиктерди алдын алуудагы маанилүү кадам болуп эсептелет.

Ошол эле учурда компания жаңы кендерди өздөштүрүү багытына өтүп, Тоголок алтын кенин ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштерди баштады. Кыргызстан өз каражатына, өз күчү менен ишке ашырып жаткан Тоголок алтын кенинде 2025-жылдан тартып иш кызыды. Көпүрө, жолдор салынып, электр жарыгы тартылууда. 2026-жылдын жазында карьерде тоо-кен жумуштары башталса, күзүндө алтын ылгоочу фабриканын пайдубалы түптөлдү.

Ошону менен бирге калдык сактоочу жай, жумушчулар лагери курулууда. Тоголок алтын кенинен тышкары, учурда келечектүү Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо жумуштары жасалууда жана 2027-жылы анын запасы мамлекеттик баланска коюлат. Кумтөрдүн келечегин аныктаган дагы бир маанилүү чечим катары — жер алдынан алтын казуу долбоорунун башталышын айтсак болот. 2025-жылдын 27-августунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда долбоорду ишке ашырууга старт берилген.

Ошентип, буга чейин алтын ачык карьерден казылса, эми жер астындагы запастарды өздөштүрүү башталды. Атайын техникалар алыныпжер алдындагы жолдор казылып, тийиштүү адистер даярдалууда. Бул долбоор — Кумтөрдүн иштөө мөөнөтүн гана узартпастан, экологиялык чоң максаттарды көздөйт. Келечекте ачык ыкма менен алтын казуу аяктаганы менен кендин иши токтобойт жана жер астынан алтын казуу аркылуу 2050-жылга чейин ишин улантат. Ал эми мамлекеттик баланска коюлган алтындын көлөмү 147,5 тоннаны түзөт. Өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кумтөрдүн Алтын ылгоочу фабрикасында ири модернизациялыкиштер жүргүзүлдү. 2023-жылы ар бири 3200 куб метрлик эритүүчү эки казан орнотулду. Бул жылына кошумча 100 килограммга чейин алтын бөлүп алууга мүмкүндүк берет. 2024-жылы Борбор Азияда биринчи жолу мунаралуу тегирмендер ишке кирди. Долбоор кошумча 155 килограммга чейин алтын алууга шарт түзөт.

Ошондой эле 2026-жылы үч буу генератору ишке берилип, натыйжада алтынды бөлүп алуу көрсөткүчү кошумча 3 пайызга жогорулады. Бул модернизациялык иштердин аркасында рудадагы алтындын үлүшү төмөндөгөнүнө карабастан, фабрика алтынды бөлүп алуу көрсөткүчүн 76 пайыздан жогору деңгээлде сактап, өндүрүштүн туруктуулугун камсыздап келет. Кумтөрдөгү оор техникалардын үзгүлтүксүз кыймылы — өз убагындагы оңдоп-түзөө иштеринен көз каранды. Мурда компания тоо-кен техникалардын негизги тетиктерин жана агрегаттарын сырттан жалдап, жасатып келген болсо, эми кен жайдын өзүндө заманбап агрегаттык цех ачылып, Кумтөрдүн адистеринин күчү менен өз убагында, сапаттуу оңдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул өндүрүштүн үзгүлтүксүз иштешине жана чыгымдарды бир кыйла кыскартууга өбөлгө түздү. Беш жыл, беш ири чечим. Булар «Кумтөр Голд Компанинин» өндүрүштүк, технологиялык жана инфраструктуралык багыттарда аткарган иштеринин бир гана бөлүгү.

Ал эми бул беш жылдын экономикалык натыйжасы — сандарда даана көрүнүп турат. 1997-жылдан 2021-жылга чейин Кумтөрдөн чет элдиктердин башкаруусунда турган мезгилде 410 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Бирок ошол жылдары өлкө үлүштүк киреше катары болгону 101 миллион доллар алган. Ал эми мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки 5 жылда ишкананын жалпы кирешеси 6 миллиард 128 миллион долларды түзүп, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 миллиард 454 миллион долларга жетти. Үлүштүк киреше катары Кыргызстан 741 миллион доллар алды. Бул мурдагы чейрек кылымда алынган үлүштүк кирешеден жети эсеге көп. Бул сандар Кумтөрдүн мамлекеттик башкарууга өтүшү экономикага кандай натыйжа бергенин ачык көрсөтүп турат. Бул чек эмес. Алдыда өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошо турган дагы бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Калыгул Бейшекеев

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Экономика 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X