Кумтөрдөгү Кыргызстандын ырыскысы элге кандай кайтууда?
Өлкө башчысы Садыр Жапаров “МедиаХаб” сайтына маек берип, коомчулукта көптөн бери талкууланып келе жаткан бир катар орчундуу маселелерге түз жана ачык жоопторун айтты. Кытай жарандарынын Кыргызстандагы ишмердиги, жердин чет элдиктерге 49 жылга берилери тууралуу сөздөрдөн тартып, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна, мамлекеттик башкарууга чейин жеткен суроолордун арасында кыргыз коомчулугу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон «Кумтөр» кенине чейин ачык талкуу болду. Биз азыр Кыргызстандын экономикасына өзүнүн чоң салымын кошуп келе жаткан Кумтөр туурасында Президенттин айткандары менен бирге талдоо кылып көрөлү дедик. Чынында эле Кумтөр Кыргызстан үчүн эмне берди, дегеле анын орду, баа-баркы кандай болду?
Бир кезде “кылымдын аферасы” деген ат менен коомдун эсинде калган Кумтөрдүн бүгүнкү тагдыры, андан мамлекетке түшүп жаткан каражаттар жана ошол каражаттын өлкөнүн өнүгүшүнө жумшалышы тууралуу Президенттин айткандары көп нерсени кайрадан таразалап көрүүгө түрткү берди. Анткени, Кумтөр алтынын берип, бизди байытып жаткан атактуу кен катары, эгемен Кыргызстандын экономикасынын, саясатынын, мамлекеттик башкаруусунун жана улуттук кызыкчылыктын эң талаштуу барактарынын бири. Кенден жүздөгөн тонна алтын өндүрүлдү. Кыргызстанга келишимде көрсөтүлгөн социалдык жардамдардан тышкары салыктар, милдеттүү төлөмдөр, дивиденддер жана башка кирешелер түштү. Бирок, негизги суроо дайыма эле “Кумтөр канча алтын өндүрдү?” деген менен эле токтолуп келдик. Жок, бул коюлган суроодон мурда “ошол байлыктан Кыргызстандын өзүнө экономикалык канча пайда калды?”- деген суроо турары бүгүн биз үчүн маанилүү болуп турат.
Чынында эле Кумтөр Кыргызстанга канча пайда берди? Бул суроого жооп издегенде, эки башка учурдун айырмасы даана көрүнөт. Биринчиси, Кумтөрдү чет элдик компания башкарган, Кыргызстан анын акционери катары дивиденд алган мезгилди белгилесек болот. Экинчиси, кен толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндөн кийинки учур. Тагыраагы азыркы мезгил. Эки мезгилдин финансылык көрсөткүчтөрүн салыштыруу менен гана чектелбей, акчанын кимдин чечими менен бөлүштүрүлгөнүн, Кыргызстан эмнеге мурда аз дивиденд алып келгенин жана бүгүн Кумтөрдөн түшкөн кирешенин мамлекет үчүн кандай мааниге ээ болуп жаткандыгын карап чыгуу зарыл.
Кумтөрдүн мурдагы тарыхына кайрылсак, кен иштеп баштап, талаш-тартыштар менен коштолуп, далай “пайдасыз болуп жатат” деп отуруп, анан 2007-жылдагы келишимден кийин Кыргызстандын “Центерра Голддогу” үлүшү 33 пайызга жеткен. Бирок, акциялардын үчтөн бирине жакын үлүшкө ээ болуу менен кенден өндүрүлгөн алтындын кирешесинин үчтөн бирин түз алып калуу дегенди билдирген эмес. Ошол кездеги талаштын өзөгү да ушунда болгон. Кумтөр ар дайым келишим түзөрдө элди ынандыруу үчүн бир нерсени убада кылчу. “Кыргызстандын пайдасына биз тараптан шарт оңолуп жатат, көбүрөөк каражат бөлүнөт” деген эле убадаларды кайталап турчу. Ошого ынана берген бийликти карабайсызбы. Болбосо элестүү айтканда, жер тытмалап жүрүп 10 кап түшүм алсак, анын жети кабын компания алып жатканы келишимдерде ачык эле көрүнүп турчу. Шылкыйып үн деген эмеспиз. Биз тарап улам чырылдап “үлүштү көбөйт” дейт, алар аз-аздан каражат бөлүп, алдап коёт. Мисалы, ошол биз билген кездерде Кумтөрдөн бир жылда 18 тоннадан ашуун алтын өндүрүлүп, компаниянын таза кирешеси 435 миллион доллардын тегерегинде болгондо, Кыргызстанга дивиденд катары 30,2 миллион доллар бөлүнгөнү айтылчу. Болгондо да бул сумма ошол кездеги шартта рекорддук дивиденд катары бааланган. Бирок, коомчулукта “Кыргызстан 33 пайыз акцияга ээ болсо, эмне үчүн мындан көбүрөөк акча албайт?” деген мыйзам ченемдүү суроо жаралган. Ар кандай саясий кызыкчылыктар, мокок аракеттерден улам Кыргызстандын кызыкчылыгы артта кала берген. Анын аркасында Кыргызстандын саясий жолунда эң эле талкуу жаратып, өзүбүздүн кенге өзүбүз ээ боло албай жаткандыгыбыз ар бир саясатчынын оозунан чыгаар эле. Ырыскыбызды башка бирөөлөргө алдатып жаткан тармак катары, ким болбосун оозунан түшүрбөгөн “жара” дал ушул Кумтөр эле. Ал кездеги коомдук талкууда алтындын дүйнөлүк баасы кескин өсүп турган шартта дагы, Кыргызстанга түшкөн дивиденд өтө эле аз экени, пайданы бөлүштүрүүдө ачыктык жетишсиз деген күмөн саноолор, дагы айтам ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө, көзүндө болчу. Өлкө башына келген ар бир Президент шайлоо алдында “Кумтөрдүн пайдасын мамлекетке кайтарам” деген убада менен баштап, тилекке каршы майнапсыз жыйынтыктар менен аяктап турчу. Тагыраагы чечкинсиздик, коркоктук анан кулкундун кулу болуудан чыга албай койгонбуз. Чынбы?
“Жаңы доордун” башталышы
Көп жылдан бери коомдун көңүл борборунда болуп келген “Кумтөр” маселеси Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ болгон чечим менен аяктады. Бир кезде талаш-тартыштын, саясий күрөштүн жана экономикалык талкуулардын өзөгүнө айланган алтын кени бүгүн өлкөнүн толук карамагына өтүп, Кыргызстан өзүнүн эң ири стратегиялык активдеринин бирине түздөн-түз ээлик кылган жаңы баскычка кадам таштады. Бул деген билгенге, өлкөнүн улуттук байлыгын башкаруудагы жаңы доордун башталышы катары бааланган окуя.
Кумтөрдү мамлекетке алуу идеясы 2021-жылы эле пайда болгон эмес. Президент Садыр Жапаров бул маселени депутат болуп турган кезинде, тагыраагы 2012-жылы парламенттеги комиссиянын иши аркылуу көтөрүп келгенин жакшы билебиз. Президент “МедиаХаб” сайтына берген маегинде Кумтөрдү мамлекетке алуу боюнча ишти президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийинки эле күндөрү баштаганын айтып, Акылбек Жапаровго кендин ишмердигин текшерүүнү тапшырганын айтты. Кенди мамлекетке алуу маселеси саясий жактан да, экономикалык жактан да кылдат даярдалган экен. 2021-жылдын май айында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен “Кумтөр Голдго” убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, кийин Кыргызстан менен “Центерранын” ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2022-жылдын апрелинде Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү.
Ошентип, мурда Кыргызстан акционер болсо, эми кендин түздөн-түз ээси жана башкаруучусу болду. Мына ушул учурдан баштап, Кыргызстан өзүнүн ири киреше берген «Кумтөр» кенине ээ болгон десек болот.
Мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийинки көрсөткүчтөр ачык эле жогорку көрсөткүчтөргө жеткен. “Кумтөр Голд Компани” маалыматына караганда, 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнуна чейин компаниянын жалпы кирешеси дээрлик 4,99 миллиард долларды, таза пайдасы 2,197 миллиард долларды түзгөн. Ушул эле мезгилде бюджетке салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр катары 1,233 миллиард доллардан ашык каражат которулган. Ал эми компаниянын жалгыз акционери болгон “Кыргызалтын” ишканасына 741,3 миллиондоллар дивиденд төлөнгөн.
Албетте, Кумтөр мурда Кыргызстанга пайда берген эмес деп айтууга болбойт. Чынында, кен иштей баштагандан бери мамлекетке салыктар жана башка төлөмдөр түшүп келген. Мисалы, 1994–2020-жылдары Кумтөрдүн Кыргызстандагы төлөмдөрү, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо, миллиондогон долларды түзгөн. 2020-жылы эле бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 млрд сом түшкөнү расмий маалыматтарда айтылып келет. Демек, маселе “Кумтөр мурда пайда бердиби же берген жокпу?” деген суроодо эмес, маселе кендин экономикалык потенциалы менен мамлекет алган реалдуу пайданын ортосундагы айырмада. Биз эми ошону талдап, көп учурда ошол пайда жактарын карай баштаганыбыз туура болот.
Түшкөн пайда кайда жумшалууда?
Кумтөр ишканасы мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин коомдогу негизги суроо өзгөрдү. Мурда “Кумтөрдөн Кыргызстан канча алат?” деген суроо берилип келген болсо, эми биз үчүн “түшкөн каражат элге кандай кайтып жатат?” деген суроо маанилүү болуп калды. Чыны менен эле Кумтөр Кыргызстанга кандай пайда берип, түшкөн акчалар эмнелерге жумшалып жатат?
Эгер 2020-жылга чейин Кыргызстандын казынасынын көлөмү 250 млрд сомдун айланасында гана болгон болсо, бүгүн ал 1 триллион сомго чейин жетип олтурат. Президенттин айтымында, Кумтөрдөн түшкөн каражат өлкөдөгү ири мамлекеттик жана социалдык долбоорлорду каржылоого багытталууда. Алардын арасында МИК аркылуу турак жайларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, жолдорду оңдоо, энергетикалык долбоорлор, заводдор жана башка инфраструктуралык иштер бар. Маалыматтар боюнча өлкөдө 500дөн ашык мектеп жана бала бакча куруу иштери жүргүзүлүп жатканын ачык эле көрүүдөбүз. Ал тургай айрым курулуш иштеринин жүргүзүлүшүнө аралашып, ичинен да көргөн жайыбыз бар. Президент тапшырма коюп, шаар мэри Бишкек шаарына 6 ай ичинде 16 мектеп, бир бала бакча бүткөрүлгөндө, айрымдарыбыз ишенип-ишенбей таң калганбыз. Ал чындап аткарылды. Жол тармагында болсо 2025-жылы 1,5 миң чакырымдай жол оңдолсо, 2026-жылы дагы 1 миң чакырымга жакын жолду оңдоо пландалып, алар азыр иш үстүндө аткарылып жатат. Туризмди өлкөнүн негизги флагманы катары көрүп, берметибиз Ысык-Көлдү, “Ала-Арча” эс алуу жайы баштаган аймактардагы туристтик зоналарда бир топ жаңы заманбап инфраструктуралык түйүндөр салынууда. Ошондой эле айлык акы, пенсиялар жана жөлөкпулдар көтөрүлүп, социалдык милдеттенмелер аткарылууда.
Мунун баары мамлекеттин негизги киреше булактарынын бири болгон Кумтөр баштаган ири мамлекеттик ишканалардын экономикага кошкон салымы менен тыгыз байланыштуу. Өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мындай иштердин берекеси артып, элге кызмат кыла беришин тилейли. Ушунубузду Кудай кут кылсын!
Күнболот Момоконов