Кумтөрдөн чыккан алтындын артында кимдер турат ?
Кумтөрдүн миңдеген кызматкерлеринин күнү-түнү тыным албай иштеген маңдай теринин, ак эмгегинин эң акыркы жемиши бул — Доре эритмеси. Аны өндүрүү үчүн кумтөрчүлөрдүн ынтымактуу командасы өздөрүнүн болгон күчүн, билимин жана узак жылдык зор тажрыйбасын жумшап келишет.
Доре эритмесинин 70-80 пайызы алтындан, ал эми калганы күмүш, жез, темир өңдүү башка металлдардан турат. Кубаттуу мештен чыккан бул эритмеге атайын эн тамга басылганда Кумтөрдөгү алтын өндүрүү процесси жыйынтыкталат. Сырттан караган кишиге баары оңой көрүнгөнү менен, бул металлды алуунун артында эбегейсиз эмгек жана татаал технологиялык процесс жатат.
Алтындын жолу эң алгач геологиялык чалгындоодон башталат. Тоо-ташты жөө аралаган геологдор, геохимиктер жана геофизиктер жер кыртышынын ар бир метрин кылдат изилдеп, алтындын изин табышат. Алар белгилеп берген тилкелерде бургулоочу адистер жердин жети катмарынан миңдеген метр тереңдиктен кен үлгүлөрүн алып чыгышат. Андан соң маркшейдерлер менен тоо-кен инженерлери руда казыла турган жердин так картасын чийип, карьердин долбоорун түзүшөт.
Долбоор даяр болгондон кийин кезек карьердин чыныгы “кожоюндары” болгон экскаватор жана самосвал айдоочуларына келет. Алар бороон-чапкынга, ызгаардуу аязга карабай, күнү-түнү рудаларды кампаларга жана алтын ылгоочу фабрикага ташышат. Бул алп техникалардын коопсуздугун жана абалын механиктер, электриктер, ширетүүчүлөр менен слесарлар тынымсыз көзөмөлдөп турушат.
Баса, соңку бир жылдан бери Кумтөрдө карьердик ыкмадан сырткары, жер астынан кен казуу иштери да активдүү жүрүүдө. Сыртта кычыраган суук болуп жатканда, жердин тереңинде жайдын аптабындай ысык температурада кабагым-кашым дебей, жогорку чеберчилик менен эмгектенген жумушчулардын салымы чоң.
Кайра иштетүү баскычында карьерден келген рудаларды алтын ылгоочу фабриканын майдалоочу тегирмен операторлору жана кен байытуучулар тосуп алышат. Алар таш-топурак аралашкан руданы чачтын кылындай майда кумга айлантып, баалуу металлды бөлүп чыгарышат. Жыйынтыгында металлург, лаборант, химик-аналитик жана эритүүчүлөрдүн алтын колунан баалуу Доре эритмеси жаралат.
Бул татаал жолдо инжерлердин акылы, коопсуздук кызматкерлеринин кыраакылыгы, ак халатчан медиктердин камкордугу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын караган экологдордун дагы эмгеги ат көтөргүс.
Ал эми кезектеги нөөмөттөн чарчап келген кызматкерлерге үйүндөгүдөй жылуулук тартуулап, жайлуу шарт түзгөн лагерь кызматкерлери менен даамдуу тамак-ашын даярдап тосуп алган ашпозчулардын аракетин да айтпай кетпесек болбос.
Негизи тоо-кен тармагында баалуу металл өндүргөндөрдү жалпысынан “металлургдар” дегенибиз менен бул иште геологдон химикке, айдоочудан ашпозчуга чейинки кесип ээлеринин эмгеги, аракети, кошкон салымы өзгөчө.
Андыктан, “Беш манжа бөлөк билек бир, беш адам бөлөк тилек бир” демекчи, бир максатка, бир тилекке бириккен, өлкөбүздүн экономикалык бакубатчылыгы үчүн күрөшкөн Кумтөрдүн кесипкөй адистеринен куралган бекем жана ынтымактуу командасын металлургдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ата мекендик өндүрүштүн туткасын кармаган ишиңиздерди дайыма ийгиликтер коштосун!
Маалымат үчүн:
Кумтөр 2022-жылдын башынан 2026-жылдын жарымына чейинки мезгил аралыгында мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң АКШ долларын которгон.
Аталган отчеттук мезгилде компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң АКШ долларын, ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң АКШ долларын түздү.
2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки аралыкта 60 тонна 273 килограмм алтын сатылган.
Компаниянын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна 741 млн 298 миң АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөндү.
Калыгул Бейшекеев