«Кумтөрдүн» таза кирешеси 2,2 млрд долларды түздү

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Экономика 140

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2026-жылдын январь–июль айларында мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которду. Бул тууралуу компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ушул мезгил аралыгында компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы киреше 733 млн АКШ долларын түзгөн. Анын ичинен таза киреше 419 млн долларга жеткен.

Болотбек Идирисов белгилегендей, 2026-жылы «Кыргызалтын» ААКсына дивиденд катары 300 млн АКШ доллары которулган.

Ошондой эле ал Кумтөр кени мамлекеттин башкаруусуна өткөн 2022-жылдын башынан 2026-жылдын июль айына чейинки мезгилдеги көрсөткүчтөрдү да атады. Бул аралыкта компания мамлекетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн доллар төлөгөн.

Аталган мезгил ичинде «Кумтөрдүн» жалпы кирешеси дээрлик 5 млрд долларды, ал эми таза кирешеси 2,2 млрд долларды түзгөн. «Кыргызалтын» ААКсына төлөнгөн дивиденддердин көлөмү 741 млн долларга жеткен.

Компаниянын өкүлү салыштыруу иретинде, кен иштей баштагандан тартып мамлекеттин башкаруусуна өткөнгө чейинки дээрлик 30 жыл ичинде дивиденддердин көлөмү 101 млн долларды түзгөнүн белгиледи.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Экономика 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X