«Кунь-Лунь» ЖЧКсына мыйзамсыз жер пайдаланганы үчүн 100 миң сом айып салынды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 112

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Озгур айылында жайгашкан «Кунь-Лунь» ЖЧКсына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканага бекитилип берилген жер тилкесинен тышкары кошумча аянтты мыйзамсыз пайдаланып жатканы аныкталды.

Бул факт боюнча тиешелүү акт, жазма буйрук жана укук бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 149-беренесине ылайык, компанияга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X