Кунай Медетхан Кыргызстандын Улуттук бокс федерациясынын президенти болуп шайланды
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анын жыйынтыгында Кунай Медетхан уюмдун жаңы президенти болуп бир добуштан шайланды.
Ал бул кызматта 2022-жылдан бери федерацияны жетектеп келген Умбеталы Кыдыралиевди алмаштырды. Кыдыралиев 2024-жылдын ноябрь айында кайрадан президент болуп шайланган. Федерациянын жетекчилигинин алмашуусунун себептери расмий түрдө айтылган жок.
Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин депутаты жана буга чейин «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Ал 2024-жылдын аягында Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланып, 2026-жылдын жаз айларында бул кызматтан кеткенин жарыялаган.
Ал эми Кунай Медетхан федерациянын президенти болуп шайланганга чейин уюмдун биринчи вице-президенти кызматын аркалап келген.