Бүгүн, 10-июнда, Чүй облусунун Панфилов районунда уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштеринин алкагында, кароосуз калган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
Жашыруун жайдан 9 мм «Макаров» тапанчасы, магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 миллиметрлик тапанча, 1 кесилген мылтык, 2 мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 курал 8 огу менен, 1 реактивдүү сигналдык, 1 мергенчилик бычак, 1 кара түстөгү беткап табылган. Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иштери жүргүзүлүүдө.