Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 355

Короздордун урушу
Намазга чакырган адамдардын ортосуна от жагуу, уруштуруу.

Кедейчилик
Жакында байыйсыз.

Чабарман
Түшүндө чабарман көргөн адам узакка сапар тартат.

Жүзүм
Эгер күз айларында жүзүм түшкө кирсе, өмүр бою тынчтыкта жашайсыз. Эгер кыш айларында көрсөңүз анда ооруу болот. Эгер жүзүмдүн ширесин сыгып жатсаңыз, падышага кызматкер болосуз. Жүзүмдү түшүндө жеген адам бактылуу болот.

Баклажан
Чарчап, бирок жакшы акча табасыз.

Атыр
Эгер ооруп жаткан адам атыр жыттанса өмүрү кыскарат. Эгер бойдок кыз атыр себинип алса, турмушка чыгат. Эгер никеси бар аял атыр себинсе, жакшы иш кылат. Эгер жаман адам, ууру атыр себинип алса, кылганына өкүнөт.

Ыргытуу
Эгер бирөө нерсени ыргытып, бутага тийсе, бардык максаттарына жетет. Эгер бутага тийбей калса, кимдир бирөө менен урушуп, аны капа кылат.

Май
Май менен сакалын сылоо жакшылыкка. Эгер май төгүлүп калса, кыжаалат болот. Суу майдан башкасы-кыжаалатчылыкка деп жоорулат. Эгер ал май жакшы жыттанса, ал кылбаган иши үчүн мактоого татыйт.

Жылдыз
Ак сөөк адам. Эгер сиз жылдызды үйүңүздө көрсөңүз бирок, ал жылтырабаса, бардык белгилүү адамдардын башына иш түшөт.
Ким жылдызды жеп жатса, белгилүү адамдар менен тамакташ болот. Эгер жылдыздар көп болсо, сиз кадыры бар адамдар менен иштешесиз. Эгер жылдыздар бир жерге кулашса, ал жерди кайгы чулгайт. Эгер жылдыз колдо болсо, сулуу уулдуу болосуз. Эгер асманда жылдыз көп болсо, бай болсуз. Жылдызы жок асман байлык жоготуудан кабар берет.
Жылдызды күүндүз көрүү жакшы эмес иштердин болушун билдирет. Жылдыздар башыңызда айланса, саякатка чыгасыз. Жылдыздар аалымдарды да билдирет. Эгер жылдыз сизге түшсө, өмүмрүңүз кыскарат де карыз аласыз. Бирдей чоңдуктагы жылдыздар-кубанычтуу кабарга.
Ар түрдүү жылдыздар-үйдөгү пикир келишпестикке.

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин / #Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу 355

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X