Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу
Жиптин байланышы
Жиптин байланышын түш көргөн адам көп күнөө кылган болот.
Кулактын укпай калышы
Ким кулагынын укпай калганынын көрсө, анын диний ишеними начарлагандыгын билдирет.
Күйүп калуу
Денедеги күйүк ар кандай жоорулат. Эгер кимдир бирөө денесинен күйүктүн тактарын көрсө, ал жакында бир кен таап алат. Ал кубанычка ээ болот. Таап алган байлыгын туура бөлүштүрүш керек. Эгер тапкан байлыгын туура эмес колдонсо, анда кыяматта отко күйөт делет. Кимдир бирөө күйүктүн тагын көрсө, оорусу сакайып, жакшы болуп кетет. Эгер күйүктүн үстү дагы да жара болуп, карттанып турса дарты таза айыкпаган болот Күйүк – жаман сөздөрдү угууну да билдирет. Айрым учурда күйүктүн жарасы тоголок болсо, түш көргөн адам сүннөткө туура келбеген ишти жасайт.Күйүк уулдун төрөлүшүн же үйлөнүүнү да билдирген учурлар бар.
Жоолук
Кызыңыздын же жубайыңыздын жоолук салынганы алардын өмүрүнүн узак болушун билдирет.
Кара жоолук— сиздин жолдошуңуз үй-бүлөнү тиешелүү деңгээлде бага албай кыйналат.
Жоолукту чечүү
Жаман адаттарга барууну билдирет.
Бойдок кыз жоолук салынса, жакында турмушка чыгат.
Кимде ким өзүнө жоолук салынып жаткандыгын көрсө, ал араздашууларга барат. Демек, мүнөзүн оңдоо кажет. Жакындарына болгон мамилени оңдошу керек болот.
Кош бойлуу аял жоолук салынса, анда анын төрөлө турган баласын периштелер коргоого алган болот. Эгер жоолукта кымбат баалуу таштар болсо, төрөлө турган бала бай болот.
Эгер мырзалар түшүндө жоолук салынса, ал жакшылыкка. Анын аялы эч качан көзүнө чөп салбайт. Үйүндө ынтымак гана өкүм сүрөт.
19-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин / #Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу