Кургак учук жугузуп алган жоокерлердин ата-энелери Коргоо министрлигин сотко беришет

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 18

Быйыл мартта Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын №97632 аскер бөлүгүндө 14 жана № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталган. Учурда алар ооруканада дарыланып жатышат.
Ушул окуяга байланыштуу, кургак учук жугузуп алган жоокерлердин ата-энелери Бишкектеги маалымат жыйында Коргоо министрлигине нааразылык билдиришип, жабыркаган жоокерлерге аскердик билет берүүнү, аларды жакшылап дарылоону талап кылышты.
Жыйынга катышкан ата-энелердин бири Сабира Осмонованын айтуусу боюнча, аскер комиссарлыгынын шалаакылыгынан улам жоокерлерге кургак учук жуккан. Учурда аларга аскерге жараксыз деген бүтүм чыгарылган.
“Биз балдарыбызга аскердик билеттин берилишин, аларды милдет өтөөгө жарактуу деп табууну талап кылабыз. Эгерде ооруп калган жоокерлерге аскердик билеттер берилбесе, биз Коргоо министрлигин сотко беребиз », — деп билдиришти жыйындын катышуучулары.
Эске салсак, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерлердин жапырт кургак учук жугузушу боюнча Жазык кодексинин 331-беренеси — «Шалаакылык» менен кылмыш иши козголгон.

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X