Кургакчылыкка чыдамдуу жемиш өсүмдүктөрү кайсылар?
Айыл чарба министрлиги кургакчылыкка жана топурактын асылдуулугу төмөн шарттарга чыдамдуу жемиш өсүмдүктөрүнүн тизмесин сунуштады.
🌳 Мөмөлүү дарактар:
Алма – суукка жана илдеттерге туруктуу, кайра иштетүүгө ылайыктуу;
Өрүк (майда сорттору) – кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн топуракта жакшы өсөт;
Алча (вишня) – суукка чыдамдуу, шире жана тамак-аш өнөр жайында суроо-талабы жогору;
Тыт – кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн топуракта жакшы өсөт. Аны Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарына өстүрүү сунушталат. Тыт дарагы жибек өндүрүшүн өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт.
🌿 Бадал өсүмдүктөрү:
Карагат – кургакчылыкка жана зыянкечтерге туруктуу;
Итмурун (шиповник) – дарылык касиетке ээ, кургакчылыкка чыдамдуу;
Чычырканак – үшүккө жана кургакчылыкка чыдамдуу, витаминдерге бай. Долоно (боярышник) – суукка чыдамдуу, дарылык касиети бар.
🥜 Жаңгактуу жемиштер:
Жаңгак (грек жаңгагы) – чополуу жана шагылдуу топуракта да жакшы өсөт, терең тамырлуу дарак. Ал кургакчылыкка жана жеңил үшүккө чыдамдуу;
Мисте (фисташка) – кургакчыл жана таштуу жерлерде жакшы өсөт, жогорку температурага чыдамдуу.