"Эркин-Тоо"

Кургатылган жер-жемиштердин пайдасы

                                                  МӨМӨ-ЖЕМИШТЕРДИ КУРГАТУУ

Кургатуу — жашылча-жемиштерди сактоонун эң байыркы жолдорунун бири. Кургатылган мөмө-жемиштер организмге керектүү витаминдердин жана микроэлементтердин кампасы. Ошондуктан кургатуу — тамак-ашты даярдоонун эң пайдалуу жана экологиялык жактан таза ыкмаларынын бири болуп саналат. Ушундай жол менен даярдалган эң популярдуу азыктар — бул чоң энелер «компот» үчүн саткан кургак алма, алмурут, кара өрүк жана өрүк, мейиз.

                                               ДАЯРДОО ЫКМАСЫ

Жашылча-жемиштер күнгө кургатылат, ошондой эле жасалма жол менен кургатуучу атайын шаймандар да бар.

Кургатуу үчүн, чатырдын астынан жел жүрүп турган жайды тандоо туура. Андан кийин, тор менен даярдалган алкактарга алдын-ала майдаланган жемиштерди ирети менен тизип чыгуу керек.

ТУУРА КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШТЕРДИ КАНТИП ТАНДАСА БОЛОТ?

Эгер сиз жашылча-жемиштерди кургатуу менен буга чейин алектенген эмес болсоңуз, анда бир нече сунуштарды эске алуу керек. Сапаттуу өнүмдүн белгилери:

  • Кургатылган жемиштер кадимки өңүнөн бир аз күңүрт болуп көрүнөт. Өрүк менен алмурут күрөң түскө айланат.
  • Кургатылган жемиштер сиздин колуңузга жабышпайт, жагымдуу табигый жыттанат.

Супермаркеттерде жана базарларда көп кездешүүчү алтын түстөгү кургак өрүктөр күкүрт менен алдын-ала күйгүзүлөт, ошондуктан аны толугу менен табигый жана экологиялык таза продукт деп эсептөөгө болбойт!

КУРГАТЫЛГАН ЖЕР-ЖЕМИШТЕРДИН ПАЙДАСЫ

Кургак мөмөлөр – жаңы бышкан мөмө-жемиштерде болгон витаминдердин жана башка пайдалуу заттардын көбүн сактап калат. Мындай азыктар витаминдердин жетишсиздигине, депрессияга, аз кандуулукка, жүрөк ооруларына жакшы жардам берет жана кыш мезгилинде табигый витаминдердин эң сонун булагы болуп саналат.

Мисалы, кургатылган өрүк жана мейиз жүрөктү бекемдөө үчүн абдан пайдалуу. Алма жана айрыкча кургак алманын кабыгы кан басымдын жогорулашына жана шишикке жардам берет, Кургак жашылчалар жана жемиштер көбүнчө протеиндүү азыктар менен катар узак саякаттарда жана экспедицияларда колдонулат.

КУРГАТЫЛГАН ЖЕР-ЖЕМИШТЕРДИН КООПТУУ КАСИЕТТЕРИ

Кургак жашылчалар жана мөмө-жемиштер өзгөчө концентрацияланган түрдө бардык заттарды камтыганын унутпаңыз. Ошондуктан, 100 г кургатылган жемиш жаңы бышкан мөмөгө караганда 5 эсе көп пайдалуу заттарды ала турганын эстен чыгарбоо керек.

Демек, аллергия менен жабыркагандар кургак жашылча-жемиштерге, айрыкча көп өлчөмдө аллергия алып келүүчү жемиштерге этият болушубуз керек.

Ичеги-карын ооруларына чалдыккан адамдар үчүн  кургатылган жемиштерди кайнатып жеген туура болот.

Кургак жашылча-жемиштерди жегенде, зыяндуулугун азайтуу үчүн аны колдонуудан мурун сууга салып коюу керек, ошондо ал баштапкы нымдуулук запасын кайтарып алат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!