Курман айтта эң көп кетирилген каталар кайсылар?

26-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 263

Курман айт майрамына байланыштуу мусулмандарга курмандык чалуунун негизги эрежелери эскертилди. Дин адистеринин маалыматына ылайык, курмандыкка чалынуучу мал алдын ала даярдалып, Айт күнү же андан кийинки эки күн ичинде союлушу керек. Түндө курмандык чалуу сунушталбайт.

Шарият боюнча материалдык мүмкүнчүлүгү жеткен адамдарга курмандык чалуу милдет катары каралат. Ал эми карызы бар жарандарга бул талап коюлбайт.

Курмандыкка төө, уй, кой, кочкор, эчки жана теке союуга уруксат берилет. Ошол эле учурда оорулуу, сокур, аксак, өтө арык же кулагы менен куйругу кем мал курмандыкка жараксыз экени белгиленет.

Майда жандык кой же эчки  бир адамдын атынан гана чалынат. Ал эми бодо малды жети адамга чейин биргелешип союуга болот.

Ошондой эле адистер курмандыкка чалынган этти сатууга болбой турганын эскертишет. Этти үй-бүлөгө калтыруу же толугу менен таратып берүү мүмкүн. Бирок аны үч бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүн муктаждарга, бир бөлүгүн туугандарга берүү жакшы амал катары айтылат.

Мындан тышкары, Курман айт күндөрү жетим-жесирлерге жана жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү сооптуу иштердин бири экени белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X