Курулуш компаниялары бирдиктүү салык режимине өтөт

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов курулуш ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга Салык кызматынын жетекчилиги, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле ири жана аймактык курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шыкмаматов курулуш тармагы өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, анын жумуш орундарын түзүүдөгү, инфраструктураны өнүктүрүүдөгү жана экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролуна токтолду.

Анын айтымында, быйыл курулуш тармагынан түшкөн киреше 17 млрд сомду түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 млрд сом болгон. Ал акыркы жылдары киргизилген системалар тармакты көмүскөдөн чыгарууга багытталганын кошумчалады.

Төрага салык системасын жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгилеп, негизги кадамдардын бири катары курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул чара административдик жүктү азайтып, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле жыйын мамлекет менен курулуш секторунун ортосундагы диалогду чыңдоодо маанилүү экени белгиленди.

Жыйындын алкагында төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков курулуш тармагына тиешелүү салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди. Ал бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди сунуштады.

Катышуучулар салык маселелерин, анын ичинде объектилерди саткандан кийинки салыктар, мүлк салыгын кайра эсептөө, салык жеңилдиктери, электрондук кызматтарды өнүктүрүү жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Бул механизм салык милдеттенмелерин өз убагында аткарган компанияларды колдоого багытталат.

Жыйындын жыйынтыгында бизнес өкүлдөрүнүн сунуштары кабыл алынып, салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер уланары белгиленди.

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X