Курулуш лицензияларын алуу толугу менен санариптештирилди. Министрлик ортомчуларга ишенбөөгө чакырат
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды жана ишкерлерди курулуш лицензияларын ортомчуларсыз, мыйзамдуу жол менен алууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, акыркы мезгилде социалдык тармактарда лицензияны тез арада алып берүү же даяр лицензияны сатуу боюнча жарнамалар көбөйгөн. Министрлик мындай сунуштар алдамчылык тобокелдигин жаратканын эскертет.
Расмий маалыматта белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, курулуш лицензиясы башка жакка өткөрүлүп берилбейт жана ал документти алган субъектке гана таандык. Мыйзамсыз жол менен алынган лицензиялар аныкталса, алар жокко чыгарылат.
Мындан тышкары, даяр лицензияны сатып алуу мурунку ээсинин салыктык милдеттенмелери, карыздары жана соттук талаштары менен кошо жоопкерчилик жүктөп коюшу мүмкүн экени айтылды.
Бүгүнкү күндө курулуш лицензиясын алуу процесси толугу менен санариптештирилген. Жарандар жана ишкерлер ортомчусуз эле расмий license.minstroy.gov.kg платформасы аркылуу кайрылып, документти кыска мөөнөттө мыйзамдуу түрдө ала алышат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: (0312) 31-29-77.