Курулуш лицензиясын алуу санарипке өттү

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды курулуш лицензиясын ортомчусуз жана мыйзамдуу жол менен алууга чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, социалдык тармактарда «даяр лицензия сатылат» же «тез алып беребиз» деген сунуштар көбөйүүдө. Мындай кызматтарга ишенүү тобокелчилик жаратышы мүмкүн.

Учурда лицензия алуу процесси толугу менен санариптештирилген. Документтерди  аркылуу онлайн тапшырууга болот.

Бардык талаптар аткарылса, лицензия бир күндүн ичинде электрондук форматта берилет.

Министрлик лицензия сатылбай турганын жана башка жакка өткөрүлбөй турганын эскертти. Мыйзамсыз алынган лицензиялар боюнча чара көрүлүп, тиешелүү субъекттер кара тизмеге киргизилиши мүмкүн.

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X