Курулушта терс тенденциялар байкалууда
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматка караганда 2021-жылдын январь-март айларынын жыйынтыктары боюнча курулушта өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү 19,8 пайызды түзгөн. Дүң жана чекене соода жүгүртүү 11,4 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда, айыл чарбасы тескерисинче өндүрүү көлөмүн 0,9 пайызга жогорулаткан.